Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 02.11.2018 19:09

Благовещенко—Кара-Көл жолунун бүткөнүн айткан министрликтин өкүлүнүн сөзүн тургундар четке кагышты (фото, видео)

Turmush -  Сузак районунун жер көчкү түшкөн Акчалуу айылында айылдыктар нааразы болуп жаткан жолду министрликтин өкүлү дээрлик бүтүп калганын, 300 метрдей жери гана калганын айтты. Бирок бул маалыматка Кызыл-Туу айыл аймагынын башчысы ынанган жок. Мындан улам кайым айтышуу орун алды. Бул жагдай 2-ноябрда «Ата-Мекен» партиясынын өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүндө өткөн көчмө жыйынында айтылды. Аймактык кабарчы бул маселени жергиликтүү тургундардан тактап көрдү.

Жыйында транспорт жана жол министринин орун басары Азимкан Жусубалиев Маданият—Барпы жолу боюнча маалымат берүү менен жолго байланышкан суроолорго жооп берди.

Анда Сузак районунда Благовещенко—Кара-Көл жолунун Акчалуу айылында жаз мезгилинде салынган жолдун абалы көтөрүлдү. Анткени андагы аймакта болгону 2 чакырымга жакын аралыкты түзгөн жол кеңейбей, шагыл төшөлбөгөндүктөн, акыркы эки күндөн бери эл жолдон өтө албай убай тартышууда. Аргасы кеткен эл эски жолду ачып алууга мажбур болушту.

Кызыл-Туу айыл аймагынын башчысы М.Калмаматов ошол жолду оңдоп берүүнү орун басардан суранды.

«Жолдун оңдолуп башталганына 6 ай болду, дале бүтө элек. Андагы жолдон 9 айыл каттайт, эски жолго ӨКМ уруксат бербей жатат. Жаңыдан салынган жолдон унаалар өтө албай кыйналышууда», - деген пикирин айтты.

Ал эми Жалал-Абад—Балыкчы унаа жолдор башкармалыгынын башчысы Камил Абдыкалыков Акчалуу айылындагы жолго шагыл төшөө жумушу дээрлик бүтүп калганын, 300 метрдей гана жол калганын билдирди.

Айыл өкмөт башчы К. Абдыкалыков айткандай жумуш жүрбөгөнүн айтып, талаш-тартыш жаралды.
Ал эми Благовещенко—Кара-Көл жолуна каттаган Ачынын жогору тарабындагы айыл жашоочулары бүгүнкү күндө деле жол кооптуу абалда экенин, жаңыдан салынган жолдо каттабай жатышканын билдиришти.

Ал эми жергиликтүү тургундардын айтымында, кечээ бир КамАЗ шагыл түшүрүлгөн, бирок ал жолго төшөлө элек. Жол кооптуу бойдон калууда. Жаңы жолдон унаалар баткактан тайгаланып, «Нива» унаалары гана өтүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×