Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 02.11.2018 18:31

Базар-Коргондун 100 жылдыгы белгиленди. Бийлик өкүлдөрүнөн кимдер катышты? (фото)

Turmush -  Бүгүн, 2-ноябрда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун жаңы ачылган борбордук стадионунда райондун 100 жылдык мааракеси белгиленди, деп билдирет аймактык кабарчы.

Иш-чарага Жогорку Кеңешинин төрагасы Д.Жумабеков, вице-премьер-министр З.Аскаров, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү К.Сатыбалдиев, Базар-Коргон районунун акими А.Бегимкулов, Жогорку Кеңештин депутаттары, областагы райондук администрациялардын башчылары-акимдер, мэрлер, мекеме-ишканалардын жетекчилери, Базар-Коргон районундагы айыл аймактардын башчылары жана жергиликтүү тургундар катышты.

Иш-чаранын 1-бөлүгүндө атайын даярдалган театрлаштырылган көрүнүш көрсөтүлүп, райондогу мекеме-ишканалардын, айыл аймактардын кызматкерлери, ардактуу инсандар салтанаттуу жүрүштөн өтүштү.

Иш-чаранын 2-бөлүгүндө ЖКнын төрагасы Д.Жумабеков жана вице-премьер-министр З.Аскаров куттуктоо сөздөрүн айтып, сыйлыктарды тапшырышты.

Облус жетекчиси К.Сатыбалдиев: «Район кылымдык мезгилди басып өттү. Өлкөдө алдыңкы район катары өз ордун таап, Кыргызстандын социалдык-экономикалык жактан өсүүсүнө өз таасирин тийгизип келе жатат. Эми ушул жолду улантып, аймактарды өнүктүрүп, дөөлөт катары аздектеп, кийинки урпактарга жеткирүү милдет», - деди.

Расмий бөлүктөн соң, иш-чара атайын даярдалган концерттик программа менен коштолуп, ыр-күүлөр жаңырды.

Андан кийин райондун акими Айбек Бегимкулов жергиликтүүлөрдү маараке менен куттуктап, райондо өзгөрүүлөр орун алгандыгын белгиледи.

«Акыркы жылдары Базар-Коргон районунун көп улуттуу эли өнүгүүнүн жолуна түштү. Ишкерлик жанданып, туризм, соода алакасы өнүгүп, жолдор оңдолуп, жаңы социалдык объектилер, мектептер, көпүрөлөр салынып, инфраструктурасы жылдан жылга жакшырып келе жатат», - деди аким.

Маалым болгондой, райондун жалпы аянты 202 миң 70 гектарды түзөт. 36 миӊ 750 кожолукта 170 миң 442 адам жашайт. Райондо 9 айыл өкмөт, 6 токой чарба бар. Акман, Арстанбап, Базар-Коргон, Бешик-Жон, Кеңеш, Кызыл-Үңкүр, Могол, Сейдикум жана Талдуу-Булак айыл өкмөттөрүндө жашаган эл дыйканчылык, мал чарбасы менен, Базар-Коргон айылында жашагандар өнөр жай ишканаларында, базарларда, тейлөө борборлорунда эмгектенишет.

Базар-Коргон району 1918-жылы түптөлгөн. Райондун климаты дыйканчылыкка төп келген, республикалык маанидеги жаратылыш байлыктары бар, мал киндиктүү, күнөстүү жер жана баатырлардын мекени. Райондо алты токой чарбасы жана анын аймагында бир топ тарыхый жерлер жайгашкан.

1918-жылдын 1-мартында Николаевское (азыркы Совет айылы) айылында Базар-Коргон аймагындагы мусулмандардын жана чайрикерлердин депутаттарынын курултайы өтүп, ал тарыхка СССРдин I съезди болуп кирген. Анткени курултай Базар-Коргон аймагында Советтик органды, революциялык комитетти түзгөн. 1918-жылдын 1-мартына чейин бул аймакта социалисттик коом, социализм жөнүндө белигилүү даражада пропагандалык, агитациялык иштер жүргөндүгү анык. Бул саясий форумга азыркы Базар-Коргон районунун айрым жерлеринен өкүлдөр, активисттер катышкан. Ушундан улам 1918-жылдын 1-мартында өткөн Базар-Коргон волостунун мусулмандарынын жана чайрыкелеринин депутаттарынын советинин түзүлгөндүгүн Базар-Коргон районунун алгачкы ячейкасы-райондук масштабдагы биринчи расмий органы деп ишенимдүү айтса болот.

1919-жылдын 30-ноябрында облустук Ревком өзүнүн токтому менен Советтердин Аткаруу комитеттерин таратып, анын ордуна революциялык комитеттерди түзгөн жана бийлик Советтерден Ревкомдорго өткөн, анын негизинде Базар-Коргон райондук революциялык комитеттери кайрадан уюшулган.

Айта кетчү нерсе «волост» термини өзүнүн мазмуну жана масштабы боюнча «район» деген атылышка туура келип, Базар-Коргон волосту – Базар-Коргон району деп аталган. Мына ушул тарыхый фактыларга таянуу менен Базар-Коргон районунун уюшулган күнүн 1918-жылдын 1-марты деп эсептесе болот. 1924-жылдан 1935-жылга чейин Базар-Коргон, Масы (Ноокен) району бириктирилип, Базар-Коргон району деп аталган, бирок райондун борбору Масы кыштагында жайгашкан. 1935-жылдын 8-февралында Базар-Коргон районунан Масы району бөлүнүп чыгып, Базар-Коргон районунун борбору Масы кыштагынан Базар-Коргон кыштагына көчүрүлгөн.

1962-жылдын 31-декабрында Базар-Коргон району кайрадан жоюлуп, Ленин (Ноокен) районуна бириктирилген. Ноокен районуна экинчи ирет кошулушу Базар-Коргон районунун борбору Базар-Коргон айылынын социалдык, экономикалык, маданий абалына өтө чоң терс таасирин тийгизген. 1978-жылдын 4-майында Базар-Коргон району кайрадан Ленин районунан бөлүнүп, өз алдынчалыкка ээ болгон. Базар-Коргон районунун аймагында өтө маанилүү тарыхый жайлары Арстанбап ата, Ак Тайлак ата, Дөөт-Прим күмбөздөрү жайгашкан.

Аймактан чыккан, тарыхта белгилүү орду бар инсандар: Эгемберди болуш, Жолборс казы, Мамыр Мерген уулу, Митрафон Лихобабан, Жумалы Көчөрбай уулу, Камал Тагай уулу, Жоробай Канаш уулу, Чыйбыл Карымшак уулу өз мезгилинде эл мүдөөсүн аткарышкан.

Мындан сырткары, Социалисттик эмгектин баатырлары: Кулбаев Маман, Кулбаев Камбар, Тарыхчиев Акун Талдуу-Булак айыл аймагына караштуу Каба айылынан, Атабекова Өлмаскан, Жумабаева Анакыз Сейдикум айыл аймагынан, Абдраимов Кудайкул Кеңеш айыл аймагынан, Шеркулов Асан Могол айыл аймагына караштуу Чкалов айылынан, Худайбердиев Ахмадали Базар-Коргон айыл аймагынан болушкан. Базар-Коргон жергесинен чыккан Бекмамат Осмонов, Жалал Асанов, Сатыбалды Далбаев, Омор Сооронов, Сүйөркул Тургунбаев, Балташ Каипов, Ырыскул Чойбеков сыяктуу атактуулар өлкөбүздүн өнүгүшүнө чоӊ салым кошушкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×