Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 02.11.2018 17:17 На русском

Базар-Коргондо борбордук стадион ачылып, ага А.Текебаевдин ысымы коюлду (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районундагы борбордук стадиондун ачылышы болуп, ага Асилбек Текебаевдин ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ачылышка Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, вице-премьер-министр Замирбек Аскаров, ЖК депутаттары Алманбет Шыкмаматов, Мирлан Бакиров, Наталья Никитенко, Таалайбек Масабиров, Айбек Алтынбеков жана өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, Базар-Коргон районунун акими Айбек Бегимкулов жана жергиликтүү тургундар катышты.

Стадиондун эки тарабы жана үстү жабылып, 3280 орунга ылайыкташкан. Курулуш иштерин «Сантехмонтаж» ЖЧКсы жүргүзүп, долбоордун сметалык баасы 40 млн 37 миң 500 сом, курулуштун тендердик баасы 33 млн 575 миӊ сомду түзгөн.

Борбордук стадион 1982-1983-жылдары Союз мезгилинде ашар жолу менен курулуп баштап, толук бүтпөй калган. Учурда стадион Базар-Коргон айыл аймагынын карамагында турат.

Борбордук стадиондун жалпы аянты 33938 чарчы метрди түзөт. Анын ичинде волейболдук 2 аянтча, баскетболдук 1 аянт жана 1 футболдук аянтча жайгашкан. 2017-жылы республикалык бюджеттин капиталдык салымдар тизмесине киргизилип, курулуш-монтаждоо иштери башталган болчу.

Асилбек Текебаев 1961-жылы Базар-Коргон районунун Акман айылында туулган. 1978-жылы №5 Токтогул орто мектебин аяктап, 1979-81-жылдары Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1987-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктап, 1987-88-жылдары Базар-Коргон райондук «Эмгек жалыны», 1989-90-жылдары «Мезгил үнү», 1990-91-жылдары «Акыйкат жарчысы» гезиттеринде иштесе, 1993-95-жылдары «Позиция» гезитинин башкы редактору болуп эмгектенген. 2008-2012-жылдары Базар-Коргон райондук кеңештин депутаты жана «Ата Мекен» саясий партиясынын Жалал-Абад облусу боюнча төрагасы болуп иштеген. 2010-жылы Апрель революциясынын баатыры болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×