Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 02.11.2018 13:53 Жаңыланды: 02.11.2018 14:35 На русском

Казакстанда 17 жылга камалган уулу Кыргызстанга которулганына ыраазы болгон эне өлкө башчыга ыраазычылык айтты (фото)

Turmush -  Казакстанда 2,5 жыл абакта отурган уулу Кыргызстанга экстрадицияланганына кубанган 60 жаштагы Савринса Калдыбаева АКИпресс – Жалал-Абад маалымат борборундагы маалымат жыйында президентке, Башкы прокуратурага, Жогорку сотко өз ыраазычылыгын билдирди.

Анын айтымында, уулун Казакстанда «подстава» кылышып, ал баңгизат менен кармалган.

«Менин эки гана уулум бар. Балдарымдын улуусу Кайрат деле Россияга барып иштеп келчү. 2015-жылы бизге келип, кайра кетээрде учактын билетине акчасы жетпей калды. Ал унаа менен кетмек болуп жүргөндө, өз ара таанышып калган Канат аттуу жигит депортация болуп, Россияга кете албай калганын айтып, унаасын жеткирип берүүнү суранган. Балам жаман нерсе оюнда жок, ансыз да кете албай жүргөндүктөн Канаттын унаасын айдап барууга макул болгон. Канатка ишенген балам Бишкектен 2 кардар алып, Россияга жөнөгөн. Уулум таанышынын унаасын айдап баратканда Казакстандын Тараз шаарынан токтотушуп, унаанын ичинен 16 кг баңгизат табылыптыр. Аны унаанын артын талкалап жатып, алып чыгышыптыр. Эч ким байкабай тургандай кылып бекитип койгон экен. Канаттын айынан уулум жөнү жок жерден камалып кетти.

Коңшу мамлекетте өткөн сотко өзүм катыштым, ал процессте сот «унаадан баңгизат чыкканда кармалган жаран кимдир бирөөлөргө байланыштыбы? Чыгып кетүүгө аракет кылдыбы?» деп кармагандардан сурады. Алар Кайрат шок абалда калганын айтышты. Уулум унаасында баңгизат бар экенин билген эмес, сотто айтылгандай шок абалда болгон. Жөнү жок жерден камалып кетти», - дейт эне.

Анын маалымдоосунда, коңшу Казакстандын өз мыйзамына ылайык ага Кылмыш-жаза кодексинин 297-298-беренелери менен айып тагылып, 17 жылга кесилген. Ошол жылдан тарта эле эне уулун Кыргызстанга которуу аркылуу жазасын өтөөнү суранып, президентке, Башкы прокуратурага, Жогорку сотко тынымсыз кайрылуу жолдоп келген. Быйылкы жылы февраль айында да өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековго кайрылган.

«Мен уулумду которуп берүүнү суранып, тынбай кайрылдым. Быйыл өлкө башчыбызга кайрылганда эки аптага жетпей Башкы прокуратурадан жооп келди. Кайрылуумдун жыйынтыгында август айында уулум Кыргызстанга, октябрь айында Жалал-Абад шаарындагы абакка которулду. Мен үйүмө келип калгандай кубанып жатам. Өз мамлекетинде, өз жерине келди. Өлкө башчысына, башкы прокурор Ө.Жамшитовго, Жогорку сотко өзгөчө ыраазылыгымды айткым келет. Башкы прокуратурага тынбай барып жаттым, жакшы сөз айтып узатып жаткандар болду. Жакшы сөз да адамга дем берет экен. Мени көрүп, угуп, коңшу өлкөдө абакта отурган биздин атуулдардын жакындары да кайрыла баштады. Акыйкат бар экенине ишенем», - дейт ал.

Кармалган 40 жаштагы уулунун 4 баласы бар. Азырынча уулдары менен көрүшө элек. Ал уруксат алса балдарын көрүштүрүүнү эңсеп жатат. Уулунун жагдайы боюнча сотко кайрадан кайрылууну да пландоодо.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×