Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 02.11.2018 11:57

Базар-Коргондогу энелер мектептерине белектер тапшырылды (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районундагы энелер мектептерине «Эрайым» аялдар коомдук бирикмеси тарабынан белектер тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, 31-октябрда «Эрайым» аялдар коомдук бирикмеси тарабынан германиялык «Дүйнөгө нан» уюму колдоого алган «Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндөгү элдердин ынтымагын, достугун, биримдигин бекемдөө» долбоорунун негизинде уюшулган энелер мектептерине муздаткыч жана электр-газ плитасы белек катары тартууланды.

Иш-чара Базар-Коргон айыл аймагынын жыйындар залында өткөрүлдү. Ага энелер мектептеринин жетекчилери, тарбияланып жаткан балдардын ата-энелери, өз жардам топторунун мүчөлөрү, ошондой эле «Эрайым» коомдук бирикмесинин өнөктөштөрү болгон Базар-Коргон районунун акиминин орун басары Адышева Замира, райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Нуралиева Нүргүл, Акман айыл өкмөтүнүн социалдык адиси Мойдунова Динара, Базар-Коргон айыл аймагынын өкүлү Атакулов Амирбек, ошондой эле «Эрайымдын» Бишкектеги жана Базар-Коргондогу өкүлдөрү катышты.

«Белектер Базар-Коргон районунун 100 жылдык мааракесине карата берилди. Мындан ары бул уюмдун иштери ийгиликтүү болуп, жөнөкөй катмардагы элге жардам көрсөтүүсүн каалайм», - деди З.Адышева.

Иш-чаранын акырында «Эрайым» аялдар коомдук бирикмесинин жетекчиси Жусупова Ракыя сертификаттарды тапшырды. Энелер мектептеринин жетекчилери ыраазычылыктарын билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×