Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 02.11.2018 08:55

Базар-Коргондо бир күндө эки бала бакча ачылды (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районунда 1-ноябрда эки бала бакча ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, райондун Кеңеш айыл аймагында 100 орундуу №33 «Айшоола» бала бакчасы жана Могол айыл аймагында 75 орундуу №32 «Умсунай» бала бакчасы иштеп баштады. Ачылыш аземге Жогорку Кеңештин депутаты А.Алтынбеков, Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары З.Адишова жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.Усенов, айыл аймактын өкүлдөрү катышкан.

Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу 38 бала бакча бар. Анда жалпы 3883 бала тарбияланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×