Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 01.11.2018 18:03

Кара-Көлдө 32 жылдан бери биринчи ирет спектакль коюлду (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарында 32 жылдан бери алгачкы ирет спектакль коюлду.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, спектакль шаардык маданият бөлүмү тарабынан даярдалып, 31-октябрда «Энергетик» маданият үйүндө коюлуп, элге тартууланды.

Спектакль К.Асаналиеванын калемине таандык «Замандын өгөй балдары» деп аталып, учурдун трагедиясын сүрөттөгөн. Анда жетим, көчө балдарынын турмушу, алардын коомдо донор багытында башка адамдардын ден соолугуна пайдананылышы тууралуу көрүнүштөр сүрөттөлөт.

Ролдорду №3 М.Фрунзе атындагы жалпы билим берүү мектеби менен №4 Д.Шопоков атындагы орто мектептин окуучулары аткарышты. Сары кыздын ролун Фатима Бакытбекова, Медердин ролун Даниел Ыманбеков, Сайнанын образын Асел Көкөева, Айсулуу Нурбек кызы, Көчөбектикин Адил Сансызбаев, Таштандын ролун Айдар Сабыралиев аткарышып, көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Ал эми Аязгүлдүн ролун маданият үйүнүн кызматкери Жасмин Дайрабекова аткарды.

Спектаклди койгон режиссер Бектемир Жаркынбаевдин айтуусунда, 1986-жылы маданият үйүндө спектакль коюлган бойдон ушул үнгө чейин бир дагы жолу спектакль көрсөтүлгөн эмес.

«Мен Энергетик маданият үйүндө 1986-жылы «Койчумандын сүйүүсү» менен Мар Байжиевдин калемине таандык «Ушакчы» аттуу спектаклин койгом», - деди ал.

Спектаклге шаар мэри И.Еркеев, шаардык кеңештин төрагасы Б.Кырзалиев күбө болушуп, мектеп окуучуларынын талантына баа беришип, маданият үйүнүн жааматына ийгилик каалашты. Ошондой эле алдыда келе жаткан маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттукташты.

Былтыр буга чейин маданият бөлүмү тарабынан Раиса Тезекбаеванын калемине таандык «Алтын тамга», «Кызгалдактуу талаалар» аттуу театралдаштырылган үзүндүлөр коюлуп, элге тартууланып келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×