Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 01.11.2018 22:51

Жалал-Абадда 16 үй-бүлө бала багып алууга даяр

Turmush -  Жалал-Абад облусунда 16 үй-бүлө бала багып алууга даяр. Бул тууралуу «Кыргызстан SOS Балдар айылдары» коомдук фондунун өкүлү Зайнап Эшмуратова билдирди.

Өлкөдө өз ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды багып алуучу (фостердик) үй-бүлө кызматтарын өнүктүрүү колго алынууда. Бул багытта Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги иш алып барып, фостердик үй-бүлөлөрдүн үстүнөн иштеп, түрдүү окууларды өткөрүүдө. Министрликтин сертификаттарына ээ боло алгандар гана балдарды багып алышат. Бүгүнкү күндө республика боюнча 13 бала фостердик үй-бүлөдө тарбияланууда.

Ал эми Жалал-Абад облусундагы абал жана багып алуучуларга коюлган талаптар, жоопкерчиликтер боюнча Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башкы адиси Гүлзина Бообекова, «Кыргызстан SOS Балдар айылдары» коомдук фондунун консультанты, психолог Перизат Асылбаева, аталган фонддун өкүлү Зайнап Эшмуратова жана багып алуучу үй-бүлөгө талапкер Атыркан Азимбаева катышып, маалымат беришти.

Зайнап Эшмуратованын айтымында, багып алуучу үй-бүлөлөр боюнча окуулар өтүүдө. Жалал-Абад облусунун аймагында 27 үй-бүлө талапкер болсо, алгачкы сүйлөшүүнүн жыйынтыгы менен 21 үй-бүлө тандалып алынган.

«Бул үй-бүлөлөр семинар-тренингдерге катышып, айрымдары биротоло багып алуу пландары бар экенин айтышты. Кээ бирлери баланы кароодогу жоопкерчиликтерине кооптонуу менен баш тарткандар болду. Азыркы тапта Жалал-Абад дубанынан 16 үй-бүлө фостердик үй-бүлө болууга даяр болуп калышты. Алар сертификат алгандан кийин гана балдарды бага алышат. Ал эми Ош облусунда 41 үй-бүлө кайрылса, 18 үй-бүлө сертификат алууга даяр, 4 үй-бүлө ишин баштады». - деп билдирди ал.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башкы адиси Гүлзина Бообекованын айтымында, багып алуучу үй-бүлөдө балдар мээримдүү чөйрөдө өсөт, бул алардын жашоосуна жакшы таасирин берет.

«Үй-бүлө өзүнүн милдетин аткара албай калган учурда кошумча камкордук көрүү үчүн фостердик үй-бүлө пландаштырылууда. Бул боюнча өкмөттүн 2012-жылы токтому чыккан. Балдар иши боюнча комиссиянын бүтүмү менен жайгаштырылат. Баланы жайгаштыруунун 5 түрү бар. Шашылыш жайгаштыруу, бир нече сааттан бир суткага чейинки учур болот. Кыска мөөнөттү 1 айга, орто мөөнөттү алты айга чейин жайгаштырылса, узак мөөнөтү 1 жыл болот. Ата-энесинен болуп калышы мүмкүн, алар 16 жашка чейин тарбияланышат. Азыркы тапта 3 фостердик үй-бүлөдө багаары жок балдар тарбияланууда», - деди ал.

Бөлүм башчы белгилегендей, баланы камкордукка алган үй-бүлө биологиялык үй-бүлөдөн ажыратып алууга акысы жок. Баланы өз ата-энеси менен мамилесин күчтөндүрүү багытында иш жүргүзөт. Бала тарбиялоону колго алып жаткан үй-бүлөлөр үчүн айына 6 миң сомдон маяна чегерилет. Ал эми ар бир бала үчүн да 6 миң сомдон каражат бөлүнүп турат. Багып алуучу бир үй-бүлө 5ке чейин гана бала бага алат. Ошондуктан бала асыроону пландап жаткан түгөйлөргө балдарга зомбулуксуз мамиле жасоо боюнча түшүндүрүү ишин жүргүзүшүүдө.

Кыргызстанда фостердик үй-бүлө боюнча түшүнүк 2012-жылы мыйзамда бекитилген. Өкмөттүн 2012-жылдын 1-октябрына карата №670 токтому чыгып, анда багып алуучу үй-бүлөлөргө балдарды багуу жана тарбиялоо, асырап алгандарга колдоо көрсөтүү боюнча стандарт кабыл алынган. Анда төмөнкүдөй белгиленген жери бар:

- Ага ылайык багып алган ата-энелер баланын өсүп-өнүгүшү үчүн коопсуз, таза жана жагымдуу шарттарды түзөт. Анда тарбияланган турак жайдын шарттары КРнын мыйзамдарында белгиленген санитардык-гигиеналык талаптарга ылайык келиши керек. Баланын өзүнчө керебети, сабак окуу, ойноо үчүн жазуу столу, кийим кечеси үчүн шкафы болуусу шарт. Баланын каалоосуна ылайык кийим кече, тамак-аш менен камсыздоо жоопкерчилиги бар. Багып алган ата-энелер окуудан өткөндүгү тууралуу расмий документ алгандан кийин гана балдарды бага алышат. Негизги максат балдар үйлөрүндөгү балдарды фостердик үй-бүлөдө татыктуу тарбиялоо болууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×