Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 31.10.2018 19:31

Сүрөт, видео: Жер көчкү түшкөн Акчалуу айылынын эли ылай жол менен каттоого мажбур

Turmush -  Көчкү жүргөн Сузак районунун Акчалуу айылында жаңыдан курулган жолго шагыл төшөлбөгөндүктөн жолдон өткөн жашоочулар кооптонушууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жер көчкү кооптуулугунан улам Благовещенко—Кара-Көл жолунун Акчалуу айылындагы тилкеси жабылган. Жаз мезгилинде айланып өтүүчү жол курулган. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, жол кеңейтилбегендиктен жана шагыл төшөлбөгөндүктөн жолдон өтүүдө кооптуулук жаралууда. Бүгүн жаан жаагандыгына байланыштуу жаңы салынган жолдон унаалар өтө албай, эски жолду ачып өтүүгө мажбур болушту.

«Жаңы жол менен "Нива" унаалар араң өтүп жатат. Тик жерлери бар. Ылай болгондуктан унаа аңтарылып кетеби деп коркуп жатабыз. №52 жол тейлөө ишканасынын жетекчиси келип, жол калыбына келе турганын убадалаган. Бир да иш аткарылган жок. Бир оор жүк ташуучу унаа менен алып келген шагылды себелеп, төгүп коюшту. Анысы дагы бир-эки жолу жаан жааса ылайга аралашып кетет. Унааны токтотуп ал жерден өтө турган болсок, көчкү түшүп кетпесе экен деп коркобуз», - дешти тургундар.

Жолдун оңдолбой жатканына нааразы болгон жергиликтүү тургундар бүгүн чогулуп, Кызыл-Туу айыл аймагынын башчысы Мирлан Калмаматовго өз нааразычылыктарын айтып, талап коюшту. Ал эми айыл аймак башчысы жолду айыл өкмөт оңдой албай тургандыгын, мыйзам жол бербей турганын, тийиштүү тараптарга кайрылуу керектигин түшүндүрдү. Жаңы курулган жол 2 чакырымга созулат.

Акчалуу айылындагы жер көчкү жаракасы райондогу эң чоң жарака болуп саналат. Тактап айтканда, жердин жаракасы 1 чакырымдан ашат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×