Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 31.10.2018 17:54 Жаңыланды: 01.11.2018 09:06

«Моюну кыпчылып калган айдоочуну 2 саатта чыгарганбыз»: 31 жаштагы куткаруучу К.Карабековдун окуялары

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын 31 жаштагы тургуну Канатбек Карабеков 9 жылдан бери өрт өчүрүүчү болуп иштеп келет. Аймактык кабарчы өмүрүн тобокелген салган кесиптин ээси менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 1987-жылы Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл аймагынын Орто-Азия айылында туулган. Жалал-Абад мамлекеттик университетинин электро-энергетика тармагы боюнча адистигин 2009-жылы аяктаган. Ошол эле жылы Жалал-Абад шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жумушка кирип, 9 жылдан бери өрт өчүрүү жана өрттүн алдын алуу бөлүмчөсүндө эмгектенип келет.

«Жумуштун талаптарына ылайык облустун алыскы райондоруна барып иштөөгө туура келген күндөр болду. Чаткал районундагы өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмчөсүнүн башчысы болуп иштеп келдим. Учурда Базар-Коргон райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмчөсүнүн башчысы болуп эмгектенем.

Жоопкерчиликтүү жана түйшүктүү кесип болгондуктан өмүрүбүздү тобокелге салып, кырсыкка кабылган жарандарды жана турак жайларды сактап калуу үчүн аракет кылабыз. Өрт өчүрүү учурунда жаракат алган кызматкерлер дагы жок эмес», - деген Канатбек Карабеков тажрыйбасында эсте калган окуялары тууралуу айтты.

«Бир жолу иш бүтөөрдө байланыш бөлүмгө шаардагы Тоголок Молдо көчөсүндөгү турак үйлөрдүн биринде өрт чыкканы боюнча маалымат түштү. Айтылган дарекке барсак, турак үйдүн бир бөлмөсү күйүп, бөлмөнүн ичинен үй ээсинин жансыз денесин сыртка алып чыгып коюшкан экен. Өрт кырсыгынан каза болгон адамдын жансыз денесин алгачкы жолу көргөнүмдө бул кызматтын канчалык оор экендигин түшүнгөм.

Эки жыл мурда Ош—Бишкек унаа жолундагы Барпы ашуусунда жүк ташуучу унаа оодарылып кетип, айдоочунун моюну унаанын отургучуна кыпчылып калыптыр. Ошол учурда куткаруу кызматы барып, айдоочуну чыгарып алуу үчүн 2 сааттан ашык убакыт кеткен эле. Биздин кызматкерлер мындай учурда ыкчам аракет кылып, алгач адамдын өмүрүн сактап калууга болгон күчүн жумшашат.

Өрт кырсыктары жайкы жана кышкы кооптуу болуп бөлүнөт. Жайкы өрт кырсыктарында ачык аймактагы кургак чөптөр жана тоюттардагы өрт кырсыктары, ал эми кышкы өрт кырсыгында элекр жылыткычтарды жана мештерди пайдаланууда эреженин бузулушунан келип чыгыт», - дейт К.Карабеков.

К.Карабеков үй-бүлөлүү. 3 уулдун атасы. Жубайы медициналык колледжде 3-курста окуйт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×