Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 31.10.2018 08:53 На русском

Тогуз-Тородо жергиликтүү тургун баңгизат менен кармалды (сүрөт)

Turmush -  Тогуз-Торо районунда жергиликтүү тургундун унаасынан баңгизат, үйүн тинтүү учурунда мештин ичинен баңгизат даярдоодо колдонулган буюмдар табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 26-октябрь күнү Тогуз-Торо РИИБдин кызматкерлеринин ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө Атай айылынын тургуну Б.М.нын «Ауди-100» үлгүсүндөгү унаасынан баңгизатка окшош зат табылган. Тактап айтканда, унаанын салонунан көк түстөгү баштыкка оролгон сары-күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар, тегерек шайба формасындагы төрт даана таңгак табылган. Анын жалпы салмагы 40 граммды түзөт. Ошондой эле 1 даана скоч, ширеңке, жана клей табылып алынган.

Шектүүгө карата КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 246-берененин 3-бөлүмүнүн (башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) негизинде кылмыш иш козголду.

«Жергиликтүү тургундун үйүнө да тинтүү жүргүзүлгөндө тамактануучу столдун дубал тарабында узун отургучтун артынан ак түстөгү баштыкка оролгон сары-күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар, үчкө бөлүнгөн 10 грамм зат табылды. Эки бөлмөлүү үйдөгү темир мештин ичинде баңгизат чегүүгө колдонулган желим идиш табылып алынып, короосундагы мештин ичинен баңгизат даярдоого колдонулган үч даана жоолук, сарайынан эки колкап, марлядан жасалган беткап, жашыл түстөгү чара табылган. Тамеки калдыктары далил буюм катары алынган», - деп айтылат ОИИБдин маалыматында.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×