Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 29.10.2018 09:15 На русском

Жалал-Абадда таксистке кардары кол салып, бычактады (сүрөт, видео)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында таксистке кардары кол салып, бычактап кетти. Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 11-октябрга караган түнү саат 21:00 чамасында 27 жаштагы Авазбек «Тойота-Ист» автоунаасы менен Жалал-Абад шаарындагы Ленин көчөсүндө — борбордук базар тарапта токтоп турган. Ал такси фирмаларынын биринде эмгектенчү.

Ошол учурда 20-25 жаштар чамасындагы кардар (эркек киши) кайрылып, Ош—Бишкек унаа жолундагы Сузак айлампасы тараптан Бишкектен салынган жүктү тосуп ала турганын айткан. Кардардын айткан жерине барып, жүктү күтүп турмакчы болушат. Ошол учурда айдоочуга жанаша отурган кардар себепсиз бычак менен кол салып, сол желкесине бир жолу, оң жак кулагынын жанына бир жолу, бетине бир жолу сайганга жетишкен. Айдоочу автоунаадан сыртка качып чыгып, жолдогу унааны токтотуп, бейтааныш адамдар аркылуу ооруканага жеткирилген. Жабырлануучуга керектүү жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйүнө чыгарылды.

Ал эми таксистти бычактаган кардар Бишкек шаары тарапка качып бара жаткан жеринен Ош—Бишкек унаа жолунун Топурак-Бел аймагына жеткенде унаанын башкаруусун жоготуп, жол кырсыгына учураган. Ал жерге автоунааны таштап, өзү качып кеткен.

Аталган факты боюнча милицияга маалымат түшүп, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) менен кылмыш иши козголуп, 26-октябрь күнү Сузак РИИБдин криминалдык милиция кызматы тарабынан шектүү кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Кылмышка шектүү Базар-Коргон районунун Кызыл-Ай айылынын Жаш-Ленин участкасынын 26 жаштагы тургуну Ж.М. экени такталды. Анын айтымында, таш заводдо иштеп жүрүп, убактылуу иштебей калган. Окуя болгон күнү акчасы жок, ачка болгондуктан таксистти алдап, ээн талаадан тоноо максатын көздөгөнүн айткан.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×