Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 26.10.2018 10:30

Сузакта жанаша жайгашкан 2 үй өрттөндү

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 14 өрт кырсыгы катталды. Аларды өчүрүүгө 15 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 26-октябрда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Жалал-Абаддагы Сузак районунун Барпы айыл аймагынын Комсомол айылында жанаша жайгашкан эки турак үй өрттөнүп, анын кесепетинен 122 чарчы метр чатыры күйгөн. Адамдар жабыркаган жок. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Ошондой эле белгисиз себеп менен ушул эле райондун Кызыл-Туу айыл аймагындагы Кызыл-Теңир айылында 15 гектар куураган чөп күйгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×