Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Майлуу-Суу 26.10.2018 08:39

Майлуу-Сууда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар концерттик марафон өткөрүштү (видео)

Turmush -  Майлуу-Суу шаарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар элге өз өнөрлөрүн тартуулашты. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 24-октябрда шаардык маданият үйдө жаштар арасындагы ынтымакты бекемдөө максатында «Жаштар биримдик» коомдук фонду тарабынан ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген таланттуу жаштарды колдоо саамалыгы өттү.

«Анда алар ырдап, бийлеп, катылып жаткан таланттарын элге тартуулашты. Концерттик марафонго келген шаар тургундары жана мекеме-уюмдардын өкүлдөрү өз колдоолорун көрсөтүшүп, 25 миң сомдон ашуун каражат топтолду. Бул каражат колдоого муктаж майып жарандарга бөлүнүп берилет», - деп билдиришти мэриядан.

Майлуу-Суу шаарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 850 жашоочу бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×