Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 25.10.2018 21:00

Сузакта Баткен окуясында курман болгондор эскерилди (фото)

Turmush -  Сузак районунда Баткен окуясында курман болгондорду эскерүү иш-чарасы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана Баткен окуясынын ардагерлери катышып, курман болгондорго куран окулуп, эстеликке гүлчамбарлар коюлду. Жергиликтүү тургун Жаныбек Кадыровдун айтымында, ал Баткен окуясына 25 жашында катышкан. Жыл сайыл ушул күнү курман болгондорго арнап куран окуйт.

Маалым болгондой, Баткен согушуна Жалал-Абад облусунан 1200 атуул катышкан. Алардын ичинен 17 адам курман болуп, 45тен ашуун адам түрдүү жаракаттарды алышты.

«Аларга мамлекет тарабынан жылына бир жолу акча каражаты тапшырылып турат. Өлкөдө баткенчилерге бир топ жеңилдиктер каралган. Алардын балдары мектептердеги ата-энелер фондуна, балдар бакчаларга төлөмдөрдөн бошотулган. Жайкы эс алуу лагерлерине балдары акысыз барышат», - дейт Жалал-Абад облустук Баткен согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Рустамбек Амиракулов.

Кыргызстандан жалпы Баткен окуясына 5800дөн ашуун адам катышкан. Алардын 80ге жакыны курман болуп, 300гө чукул адам түрдүү жаракаттар менен кайткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×