Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 25.10.2018 17:50

Токтогулда тоо балын даңазалаган фестиваль өттү (фото)

Turmush -  Бүгүн, 25-октябрда Токтогул районунда «Кетмен-Төбө, Токтогул тоо балы» аталышында бал фестивалы өтүп, түшүм майрамы белгиленүүдө. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациядан кабарлашты.

Маалым болгондой, фестивалга райондогу 100дөн ашуун балчылар катышып, өздөрү өндүргөн балды көргөзмөгө коюшту. Ага Айыл чарба жана мелиорация министрлигинен, өкмөткө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын өкүлдөрү, район жетекчилиги катышты. Ошондой эле, Ысык-Көл, Талас облустарынан дагы бал өндүргөндөр келишти.

«Саамалык алкагында бал азыктарын экспорттоо жолдору жөнүндө кеңири сүйлөшүү үчүн жогоруда аталган өкүлдөрдүн катышуусунда форум өттү. Форумдун жыйынтыгында жыл сайын бал фестивалын өткөрүү боюнча резолюция кабыл алынды. Форумдун жүрүшүндө бал азыктарын өндүрүүдөгү жана өнүктүрүүдөгү зор салымдары үчүн Айыл чарба министрлигинин жана райондук администрациянын ардак грамоталары менен райондун балчылары сыйланышты», - деп айтылат маалыматта.

Токтогул районунда 600гө жакын балчы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×