Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 25.10.2018 15:35

Сузакта Катардын кайрымдуулук уюму курган дагы бир медициналык пункт ачылды (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кыр-Жол айылында заманбап фельдшердик-акушердик пункт кызмат көрсөтүп баштады. Анын ачылыш аземи бүгүн, 25-октябрда өтүп, Жогорку Кеңештин депутаты Музаффар Исаков, «Qatar Charity» уюмунун Кыргызстандагы мүдүрү Усама Турабий, «Ассанабил» коомдук кайрымдуулук фондунун өкүлү Мухаммад Мады жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү күбө болушту.

Жаңы имарат «Qatar Charity» уюумунун каржылоосу менен «Ассанабил» фонду тарабынан курулуп, мамлекеттик стандартка ылайык бүткөрүлдү. Жугуштуу оорулар үчүн атайын өзүнчө эшик менен кирүүчү бөлмө, педиатр, терапевт үчүн бөлмө, эмкана, каттоо бөлмөсү жана санузелдер, жылытуу системасы да бар. Мындан сырткары ичиндеги эмеректер, тиешелүү медициналык жабдыктар, дары-дармек сактоочу аппараттар жана башка керектүү шаймандар дагы «Qatar Charity» уюму тарабынан камсыздандырылды.

Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен 2017-жылы түзүлгөн келишимдин негизинде Катардын кайрымдуулук уюму Кыргызстандын аймагында 9 медициналык пункт куруп, бүгүн алардын акыркысы пайдаланууга берилди.

Бул долбоор мындан ары дагы уланып, көптөгөн муктаж конуштарга жаңы имараттарды куруу пландалып жатат.

«Кош бойлуу аялдарды каттоого алып, өз убагында кароодон өткөрүп, жаш балдарды ар кандай эмдөөдөн өткөрүп турууга жана бейтаптарга алгачкы медициналык жардамды жеринен көрсөтүү үчүн мындай клиникалардын ар бир айылда болуусу шарт», - деп билдирди Сузак районунун үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчиси Замира Орунбаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×