Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 24.10.2018 22:30

Токтогулда Эл аралык ак илбирс күнүн белгилөө жумалыгы башталды (фото)

Turmush -  Токтогул районунда 23-октябрь – Эл аралык ак илбирс күнүн белгилөө жумалыгы старт алды. Бул тууралуу райондук администрациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул күндү белгилөө өткөн жылы Бишкекте өткөн эл аралык форумда сунушталган. Бул форумда дүйнө жүзүндө ак илбирс байырлаган Ооганстан, Бутан, Индия, Казакстан, Кытай, Моңголия, Непал, Пакистан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстандан өкүлдөр келген.

Форумда жок болуп бараткан ак илбирстерди коргоого жергиликтүү жана дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурдуруу маселелери талкууланып, соңунда декларация кабыл алынган.

Эксперттердин эсептөөсү боюнча, учурда дүйнөдө 3 миңден 7 миңге чейин ак илбирс калган. Анын 250-300гө жакыны Кыргызстандын аймагын байырлайт.

Бул күндүн урматына Кара-Күңгөй, Өзгөрүш, Сары-Согот, Кызыл-Туу айылдарында жана Токтогул шаарындагы мектеп, балдар бакчаларда ак илбирсти сактап калуу боюнча ачык сааттар, дилбаяндар, көркөм сүрөт сынактары жана театралдык оюндар, спорттук мелдештер, флешмоб иш-чаралар өтүп жатат. Ак илбирсти жана анын азыктары болгон жапайы жаратылыш өсүмдүктөрүн жана жапайы жаныбарларды коргоп калуу боюнча Алтай мамлекеттик жаратылыш паркы Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан түзүлгөн.

Бул паркта кызыл китепке кирип, коргоого алынган жапайы жаныбарлардан элик, тоо эчкилер, күрөң аюу жана кыргоол, улар, кекилик сыяктуу канаттуу куштар бар. Мындан сырткары илбирс бар экени болжолдонууда. Бул жаныбардын бар экенин аныктоо максатында жакынкы күндөрү фотокапкандарды орнотуу иштери жүргүзүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×