Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 24.10.2018 17:37

Базар-Коргон райондук ооруканасына экс-министр Б.Исмаиловдун ысымы ыйгарылды (фото)

Turmush -  Базар-Коргон райондук ооруканасына Саламаттыкты сактоо министрлигинин мурунку башчысы Бекмурза Исмаиловдун ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Оорукананын алдына экс-министр Б.Исмаиловдун айкели тургузулуп, анын ачылышына оорукананын жамааты, анын окуучулары, кесиптештери катышты.

Иш-чарада Б.Исмаиловдун бир тууган карындашы Насипа Исмаилова: «Биз атабыздан эрте ажырап калдык. Ошондо агам да, биз да жаш болчубуз. Бирок агам ошол учурда эле өзүн чоң адамдай сезип, үйдүн түйшүгүн тартып, бизге ата дагы болду. Кийинчерээк медициналык институтта абдан тырышып билим алып, кийин өзүнүн кесиби боюнча эмгектенип баштады. Агам өтүп кетсе да, артында турган эли-журту анын эмгегин эскерип отурат», - деди.

Ал эми Б.Исмаиловдун окуучуларынын бири — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери Сүйүтбек Назаркулов агайын мындайча эскерди.

«Агай өтө жөнөкөй киши эле. Анын эмгектери кыргыз медицинасында, психо-нейрохирургиялык жаатта орду толгус десек болот. Өзү ачык, шайыр адам эле, бирок иште талапты катуу койчу. Анын өзгөчөлүгү кадрларды туура тандаганында болду. Ал дайыма чогулушта ар бир кызматкерден өз жумушуна кайдыгер карабоого өтүнчү. Агайдын ысымы ооруканага берилгенине биз абдан кубанычтабыз», - деди ал.

Бекмурза Исмаилов алгачкы эмгек жолун 1962-жылы Кызыл-Жар 12 шаарчасындагы психиатрия ооруканасында бөлүм башчы болуп иштөөдөн баштаган. 1988-1991-жылга чейин Саламаттыкты сактоо министри болгон.

Б.Исмаилов «КРнын эмгек сиңирген дарыгери» медалы, «Эмгек Кызыл Жылдыз» ордени, «Саламаттыкты сактоонун отличниги» төш белгиси, «Манас» эпосунун 100 жылдык мааракелик медалдары менен сыйланган.

Базар-Коргон райондук ооруканасы 1988-жылы 268 орунга ылайыкташып салынган. Учурда аталган мекемеде 358 кызматкер эмгектенип, райондун 170 миңден ашуун калкына кызмат көрсөтүп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×