Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Майлуу-Суу 24.10.2018 16:17

Жоокер токко урунуп, эки колунан ажырады: Коргоо комитетинин башчысы жоокер өзү күнөөлүү экенин айтты

Turmush -  Бүгүн, 24-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айсулуу Мамашова («Ата Мекен») Майлуу-Суу шаарында аскер бөлүктөрдүн биринде кызмат өтөп жүрүп, токко урунуп, эки билегинен ажыраган жоокердин иши боюнча ким күнөөлүү деп табылгандыгына кызыкты.

«1996-жылы туулган Руслан Сапарбаев Агрардык университетте 3-курста окуп жүргөндө аскердик кызмат өтөөнү чечкен. Анткени ата-энесинде анын окуу акысын төлөөгө мүмүнчүлүк жок болгон. Кызмат өтөп жүргөндө ал токко урунуп, анын кесепетинен анын эки билегин кесип салышты. Күбөлөр трансформатор тосулбаганын айтышууда. Менде суроо: «Мындай учурда ким жоопкерчилик тартат? Ким күнөөлүү?», - деди депутат.

Өз кезегинде Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Эрлис Тердикбаев аталган факт боюнча прокуратура тарабынан иликтөө иштери улантылып жаткандыгын айтты.

«Ички түзүм боюнча дагы бизде териштирүү иштери жүргүзүлгөн. Командир кызматынан алынган. Прокуратура тарабынан иликтөө иштери аягына чыга элек. Бирок, 99%га жоокер өзү күнөөлүү. Ал коопсуздук ченемдерин бузуп, будкага кирген», - деди Э.Тердикбаев.

Ал учурда Аскер кызматынын Башкы штабында протез алуу маселеси каралып жаткандыгын да айтты.

«Күч структуралары тарабынан анын эсебине 2 млн сомдон ашык каражат которулган», - деди ал.

Буга чейин Майлуу-Суу шаарында аскер бөлүктөрдүн биринде кызмат өтөп жаткан жоокер электр зымына урунуп, ооруканага түшкөнү маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×