Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 23.10.2018 18:03 На русском

Кара-Көлдөгү коллегиялык жыйын: Кайсы жетекчилерге сөгүш берилди?

Turmush -  Кечээ, 22-октябрда Кара-Көл шаарында коллегиялык жыйын өтүп, күн тартибинде ушул жылдын 9 айында социалдык-экономикалык программанын аткарылышы боюнча маселе каралды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Шаардык коллегияга мэр Ильяз Еркеев, шаардык кеңештин төрагасы Бакытбек Кыргызалиев жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Анда эң актуалдуу маселе катары 2018-2019-жылдардагы шаардын күз-кыш мезгилине даярдыгы каралды.

Биринчи вице-мэр Калыбай Өскөн уулунун коллегияда берген маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө күз-кышка даярдык көп мекеме-ишканаларда 100%га жетти. Төрт электр отказаны толук кандуу даяр болуп, эскирген жылуулук түтүктөрү алмаштырылып жатат.

«№5 мектеп менен "Келечек" бала бакчасынын чатырын аба ырайына карабай жабабыз. Тиешелүү иштерди жүргүзөбүз», - деди ал.

2 Ал эми Токтогул ГЭСтер каскадынын жылуулук камсыздоо цехинин башчысы А.Дүйшөбаевдин айтымында, электр от казандарына коюлуучу тетиктердин баары Россиядан алынып келип, от казандар чогултулуп бүттү. Бүгүнкү күндө отказандар толугу менен даяр. Жолдордун боюндагы эски жылуулук түтүкчөлөрүн алмаштыруу иши 90%га бүткөрүлдү.

Мамэконтехинспекциянын адиси А.Жамгырчиев: «Буга чейин күз-кышка даярдык РЭТ ишканасында акыркы эки айда гана толук кандуу жүргүзүлүп баштаган. Келтирилген кемчиликтер аныкталып, акты түзүлүп, өзүнүн функционалдык милдетин толук кандуу аткарбаган РЭТ ишканасынын башкы инженеринин кызмат ордун кароо боюнча сунуш берип жатабыз. Бул ишкана 82% кышка даяр.

Токтогул ГЭСтер каскадынын жылуулук камсыздоо цехинин от казандарына электр кыймылдаткыч насостору орнотула элек. Бүгүнкү күндө толук кандуу кышка даяр эмес. Жалпысынан алганда аталган цехте кышка даярдык 90%ды түзөт. Акынай, Бекташ, Сабиров көчөлөрүндөгү жылуулук түтүкчөлөрү толук алмаштырыла элек», - деди.

1

«Мен кышка даярдыгыңар боюнча маалыматыңарды угуп "3" деген баа берет элем. Ар кимиңдин жообуң ар башка. Бири экинчисине дал келбейт», - деди мэр И.Еркеев.

Шаардык кеңештин төрагасы Б.Кыргызалиев жол тейлөө ишканасынын башчысынын күз-кышка даярдыгы боюнча өткөн сессиядагы жообун мисал кылып, «сиз кышка даярсызбы?» деп суроо узатты.

«Сессияда 45% кышка даярдыгыбыз тууралуу айтканым чын. Бирок ал жерде техниканын кышка даярдыгы боюнча айткан элем. Бүгүнкү күндө бизге дагы бир даана грейдер келди. Дагы бир жүктөгүч техника боюнча маселе чечилди. Жалпысынан кышкыга туз жана инерттик материалдар бар. Буюрса кышка даярмын», - деди №30 жол тейлөө ишканасынын башчысы.

Шаар башчысы: «Калыбай Өскөнович ишти жакшылап алып барыңыз. Ишти начар алып барганыңыздын негизинде ушул көйгөйлөр жаралып жатат. Мисалы РЭТ ишканасы, № 30 жол тейлөө ишканасы сессияда биз кышка даяр эмеспиз, бириңер 45% даярбыз, дагы бириңер 75% даярбыз деп жатасыңар. Урматтуу жетекчилер маалыматыңарды сессияга, чогулуштарга келе жатканда тактап, толук кандуу окуп, суроолорго даяр болуп келишиңер керек.

Мына бүгүнкү коллегияда кышка даярдыгыңар 80%, 90% болуп жатат. Ар бир жектекчи өзүнүн ишине так болушу керек. Кышка даярдыгыңар боюнча берген маалыматтарыңарга мен канааттанган жокмун. Кагаз жүзүндөгү ишиңер практика менен айкалышпай жатат. Иш начар жүрүп жатат, иштеш керек. Иштебей чарчасаңар арызыңарды жазып кеткиле. Араңарда өз ишин мыкты аткарып жаткандар да бар.

Биз буга чейин эле кышка даяр болушубуз керек эле. Ар бир сын-пикирди туура кабыл алгыла. Берилген сөгүш силерди чыйралсын, жакшы иштесин деп берилет. №5 К.Хуриев атындагы жана "Келечек" балдар бакчасынын чатырчасы боюнча тийиштүү иш жасалган эмес. Чатыр ушул күнгө чейин жабыла элек», - деди.

3 Ошондой эле коллегиянын жүрүшүндө №5 орто мектептин жана «Келечек» бала бакчасынын чатыры эмне үчүн ушул күнгө чейин жабылбай жатканы боюнча биринчи вице-мэрге жана каржы бөлүмүнүн башчысына суроолор берилип, канааттандырарлык жооп алынган жок. Эки жетекчи тең аталган объектилердин чатырлары эмне үчүн ушул күнгө чейин жабылбай калганы тууралуу өз ойлорун айтым, күнөөнү бири-бирине түртүштү.

Коллегиянын жыйынтыгында токтом кабыл алынып, бир катар жетекчилер күз-кыш мезгилине толук кандуу даярдык көрбөгөндүгү үчүн сөгүш алышты. Шаардын биринчи вице-мэри Калыбай Өскөн уулуна, муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Э.Бабакановго күз-кыш мезгилине карата толук кандуу даядык көрбөгөндүгү үчүн сөгүш жарыяланды.

Ушул жылдын 1-ноябрына чейин социалдык объектилерди кыш мезгилине карата даярдоо, социалдык объектилердин техникалык документтерин толуктоо, Ч.Түлөбердиев атындагы №2 инновациялык жалпы билим берүү мектебинин жекече жылуулук системасына керектүү тетиктерди алуу жана оңдоодон өткөрүү, №4 Д.Шопоков атындагы орто мектептин, «Келечек», «Баластан» бала бакчаларынын жылуулук системаларынын түтүкчөлөрүн, батареяларынын тазалатуу, К.Хуриев атындагы №5 мектебинин чатырчасын оңдоп-түзөөдөн өткөрүү тапшырмасы берилди.

Жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун Кетмен-Төбө айылындагы №4 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобун жылуулук системасына кошуу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүү Э.Бабакановго милдеттендирилди.

Шаардык РЭТ ишканасынын башчысы Т.Муратовго күз-кыш мезгилине толук кандуу даярдык көрбөгөндүгү үчүн сөгүш берилип, 1-ноябрга чейин Жазы-Кечүү айылындагы «Атайын эсеп» мамлекеттик мекемесинен алынып келинген трансформаторду электр энергияга туташтуруу тапшырылды.

Ошондой эле От айылындагы эскилиги жеткен электр мамылары менен чубалгыларды алмаштыруу, Жазы-Кечүү айылындагы жаңы көчөлөргө чубалгыларды талапка ылайык тартуу иштерин жүргүзүү, Кара-Көл шаарына бөлүнгөн лимитти сактоо, дебитордук карызды, жалпы жоготууларды азайтуу иштерин күчөтүү жана жана шаардын экономика тармактарын, калкты үзгүлтүксүз электр энергия менен камсыз кылуу, калк арасында электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү РЭТ ишканасынын башчысы Т.Муратовго милдеттендирилди.

Шаардын вице-мэри Гүлмира Сатаровага да билим берүү тармагындагы күз-кыш мезгилине тиешелүү иштерди жүргүзбөгөндүгү үчүн сөгүш берилди. Социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Чынара Тугунбаевага күз-кыш мезгилине карата аз камсыз болгон майыптырга, жашоо шарты начар үй-бүлөлөргө, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын жубайларына, турмуш шарты оор карыяларга өз убагында көмүр берилбегени үчүн сөгүш жарыяланып, көрсөтүлгөн кемчиликтерди ушул жылдын 1-ноябрына чейин жоюу милдеттендирилди.

Мэр И.Еркеев: «Ким берген сөгүштөргө каршы болсо, сотко кайрылсын. Сотто анын себептерин далилдеп берем», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×