Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 23.10.2018 17:04 На русском

Сүрөт: Ош—Бишкек жолунда тактай ташып бараткан унаа оодарылып, айдоочу каза болду

Turmush -  Ош—Бишкек унаа жолунун 261-чакырымындагы жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен айдоочу көз жумду. Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматы боюнча, окуя бүгүн, 23-октябрда саат 06:00 чамасында болгон.

«МАН» үлгүсүндөгү унаага Бишкек шаарынан жыгач тактайларды жүктөп, Ошко келе жаткан 38 жаштагы Б.И. Токтогул районундагы Чычкан капчыгайында рулду башкара албай, оң капталы менен сүрүлүп токтогон. Кырсыктын кесепетинен айдоочу ошол жерде көз жумган. Ал Аксы районунун Кызыл-Туу айылынын тургуну экени такталды.

Ал эми ошол эле унаанын ичиндеги жүргүнчү — айдоочунун айылдашы М.Ж. аймактык ооруканага жеткирилген. Анын айтымында, Бишкектен Ош шаарына жыгач тактайларды жүктөп жолго чыгышкан. Айдоочу тормоз иштебей жатканын айтып, жүргүнчү алдыңкы орундукка отурганча унаа жол четине чыгып токтогон.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×