Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 23.10.2018 12:10 На русском

Сузактын Акчалуу айылында жер көчкү жылып, сайды бөгөп калды (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 23-октябрда Сузак районуна караштуу Акчалуу айылында быйыл жаңыдан пайда болгон жер көчкү жаракасы акырындык менен көчүп, Ачы сайын бөгөп калды.

Аймактык кабарчы жергиликтүү тургундардан тактаган маалымат боюнча, учурда акырындык менен кургак топурак түшүүдө. Ал эми эл Кара-Көл—Благовещенко жолунун мурунку каттамы менен каттабай, быйыл курулган жаңы жол менен каттоону башташты. Ошондой эле Кызыл-Туу айыл аймагынан техника тартылып, эски жол тосулуп, калкка түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Көчкү азырынча элге, мал-жандыкка зыянын тийгизген жок. Аталган айылдагы жарака райондогу эң чоң жана кооптуу жарака болуп саналат.

Акчалуу айылында 1 чакырымга жеткен жарака бар. Эгер ал жарака көчө турган болсо Акчалуу айылын бүтүндөй басып калышы мүмкүн экенин адистер айтып келишкен. Айылдагы жашоочулардын баары башка аймакка көчүрүлгөн. Бирок мал багып жаткан 3-4 үй-бүлө бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×