Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 23.10.2018 15:21 На русском

Тогуз-Тородо калың карда малы менен калган чабандар Сузакка жеткирилди (видео)

Turmush -  Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим айыл аймагына караштуу Алакан жайлоосунда калың жааган кардын кесепетинен ашуудан аша албай калган чабандар Курманбек айыл аймагына жеткирилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 8 чабан 2200 баш кой менен Сары-Кыр ашуусун аша албай калган. Чабандарды мал жандыктары менен ашуудан тушүрүүгө Тогуз-Торо, Сузак райондук өрт-куткаруу бөлүмүнүн башчылары, 3 куткаруучу, Жалал-Абад шаарындагы Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча механизациялаштырылган мекемесинен 1 унаа, Сузак айыл аймагынан 3 кызматкер жана 1 жүктөгүч тартылган.

Кечээ, 22-октябрь күнү тартылган күчтөрдүн жардамында чабандар мал-жандыктары менен ашуудан өтүп, Сузак районунун Курманбек айыл аймагынын Үрүм-Баш тилкесине аман-эсен жеткирилген.

Буга чейин Тогуз-Торо районунда катуу суукта мал-жандыгы менен жайлоодо калган 7 чабан жергиликтүү бийликтин жардамы менен Сары-Кыр ашуусунан өтүшкөнүн район акими Айбек Кожошов билдирген.

Анын айтымында, Казарман—Жалал-Абад жолу 15-октябрь күнү расмий түрдө жабылган. Бирок мал-жандыктары менен жайлоого чыккан чабандар 17-18-октябрдагы катуу суукта жайлоодо калып калышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×