Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 22.10.2018 17:49

Тогуз-Тородо катуу суукта малы менен жайлоодо калган 7 чабан Сары-Кыр ашуусунан өттү (фото)

Turmush -  Тогуз-Торо районунда катуу суукта мал-жандыгы менен жайлоодо калган 7 чабан жергиликтүү бийликтин жардамы менен Сары-Кыр ашуусунан өтүштү. Бул тууралуу район акими Айбек Кожошов билдирди.

Анын айтымында, Казарман—Жалал-Абад жолу 15-октябрь күнү расмий түрдө жабылган. Бирок мал-жандыктары менен жайлоого чыккан чабандар 17-18-октябрдагы катуу суукта жайлоодо калып калышкан. Бүгүн райондук ички иштер бөлүмү, ӨКМдин райондук бөлүмүнүн өкүлдөрүнүн жардамында алар Сары-Кыр ашуусунан өтүштү.

«Тогуз-Торо районуна караштуу Атана жайлоосунда 7 адам 2200 кой менен калышкан. Ал 7 чабан Кара-Булак жайлоосундагы үйдө жашап жатышты. Өздөрүнүн да азык-түлүктөрү бар экен, жергиликтүү бийлик да кабар алып келгенбиз. Райондук ички иштер бөлүмү, ӨКМдин райондук бөлүмү биргеликте иш алып барып, бүгүн Сары-Кыр ашуусунан ашырып жибердик. Ашууда 1, айрым жерлерде 1,5 метрге чейин кар жатат. Кар баскан жерден өтүп кетишти. Чабандардын абалы ыйгарымдуу өкүлдүн, өкмөт башчынын да жеке көзөмөлүнө алынган. Чабандарды аман-эсен кыйынчылык туудурган ашуудан ашырып алдык», - дейт аким.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×