Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 22.10.2018 17:19 Жаңыланды: 22.10.2018 18:30

Айыл турмушу: Күнөскана иштеткен токтогулдук үй-бүлө тамчылатып сугаруунун өзгөчө ыкмасын колдонот (фото)

Turmush -  Токтогул районунун Чолпон-Ата айылынын тургуну Асел Асаналиева 3 жылдан бери айылда күнөскана иштетип келет. Аймактык кабарчы элеттик ишкер айым менен баарлашты.

Өзүнүн айтымында, күнөскана иштетүү планын үй-бүлөсү менен макулдашып ишке ашырган. Анын 4 баласы бар. Балдары күнөскананын ичинен бадыраң терип, ата-энесине жардам берүүгө жарап калышты.

Күнөскана иштетүүдөн мурун бул боюнча атайын окуудан өтүп, билим алышкан эмес. Короонун ичине чакан күнөскана жасап алышып, улам пайда болгон кыйынчылыктарды оңдоп, эмгек кылышууда.

Бул жылы үй-бүлөсү менен күнөсканага помидор өстүрүштү. Май, июнь айларында түшүм жыйнашып, килограммын 20 сомдон кем эмес сатышкан. Учурда кеч күз жана кышкы убак үчүн бадыраң отургузуп, эми алардын түшүмүн жыйноо алдында турат.

Бадыраң базар баасы боюнча бир килограммы 40 сомдон сатылууда. Ал эми күнөскананын аянты 0.1 гектар аянтка жетпейт. Күнөскана үчүн көчөттөрдү атайын парникте өздөрү өстүрүп чоңойтушат.

«Күнөскана иштетүүнүн түйшүгү абдан оор, жаш бала караган сыңары карап туруу керек экен. Өз убагында суу чачуу, дарылоо жана күнөсканадагы абанын температурасын сактап туруу талыкпаган эмгекти талап кылат. Күнөскана иштетүүнүн сырларын толук билбегендиктен алгач кыйналдык, көп чыгымдарга дуушар болдук. Бирок кыйынчылыктарга карабай, иштетип келе жатабыз. Эми тажрыйбалуу адамдардан атайын окуулардан өтүүнү пландап жатабыз. Күнөскананы иштетүүнүн технологиясын өздөштүрүп алсак, келечекте аянтын чоңойтсок, кошумча жумуш орундары түзүлсө, бизге окшоп кызыккан айыл тургундарына үйрөтсөк, айыл элине экологиялык таза жер-жемиштерди сунуштасак деген тилектерибиз бар», - дейт А.Асаналиева.

Аселдин жолдошу Райкан Жуманазаров күнөскананы суу менен камсыздоодо, өз алдынча жасап алган тамчылатып суугары ыкмасын колдонот. Ал короонун жанындагы каналдын суусунан насос менен суу тартып келип, күнөскананын бийиктигиндей дөңсө жерге, атайын идишке суу толтурат. Андан соң, идиштеги суудан түтүк менен күнөсканадагы көчөттөрдүн түбүнө суу жиберет. Ар бир көчөттүн түбүнө суу тамчылап туруу үчүн суу түтүктөрү атайын көзөлүп тешилген. Аба ырайынын кескин төмөндөшү менен учурда сууну атайын от жагып жылытып жатат.

Күнөскананын клёнкасы атайын материалдан жасалган. Ал эми калган бөлүктөрүнүн баары колго даярдалган. Күнөскана үчүн чоң каражат кеткен эмес. Өткөн жылы күнөскананы жылытуу үчүн от жагуу ыкмасын колдонушкан. Бирок бул көп каражатты талап кылган.

«Бул жылы күзгү мезгилге бадыраң, жазгы мезгилге помидор өстүрүүнү пландаганбыз. Күнөскананы жакшыртууга чоң каражат кетет. Кудай буйруса биз бул тилектерге жетүүгө аракет кылабыз», - дейт Р.Жуманазаров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×