Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 22.10.2018 10:27

Ч.Айтматовдун ысымы Кара-Көлдөгү балдар чыгармачыл үйүнө салтанаттуу ыйгарылды (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарында 20-октябрда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата анын ысымы шаардык балдар чыгармачыл үйүнө салтанаттуу түрдө ыйгарылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага шаар башчы И.Еркеев, шаардык кеңештин төрагасы Б.Кыргызалиев, Жалал-Абад облустук балдар чыгармачыл үйүнүн директорунун окуу тарбия иштери боюнча орун басары Г.Медетова катышты. Анда залкар жазуучунун ысымы таланттар ордосуна ыйгарылышы боюнча куттуктоо сөздөр айтылды.

«Ч.Айтматовдун ысымын алуу биз үчүн өтө сыймык. Кыргызстанда бул залкар жазуучунун атын алып жүргөн мекемелер аз экен. Ж.Матназарованын сунушун шаардык кеңештин депутаттары колдоого алышыптыр.

Бул улуу, залкар жазуучубуз дүйнөгө кыргыз үчүн руханий казынасы бай имаратты куруп, ага энциклопедияны коюп кеткен болсо, бүгүндөн баштап Кара-Көл шаарында Ч.Айтматов баштаган улуу жолго дагы бир чыйыр кошулуп, дагы бир көчөт отургузулду. Ошол көчөт көктөп, таланттардын ордосу болгон Балдар чыгармачыл үйүндө чынар терек, ыйык, сынбас, тамыры кенен жайылган даракка айлансын. Чыңгыз атабыздай таланттар чыксын.

Бүгүнкү күндө кичинекей 3 ийрим бөлмөсүндө шаардагы 6 мектептин таланттуу балдарын тарбиялап, өнөрлөрүн өркүндөтүү менен алекпиз. Мэрдин көмөгү менен мэриянын жер төлөсүнөн 6 бөлмө бөлүнүп, оңдоп-түзөө иштери жүрүп, кеңейүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Бул жерде биздин чыгармачыл үйгө жардам берген төрага Бакытбек Насирдинович, Алымкан Бопоновна, ЖАМУнун Кара-Көл колледжинин директору Шайырбек Сатыбалдиевич, «Нур-Ай» чакан тигүү ишканасынын жетекчиси Байбаев Нурмамедге, шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын жектекчиси Бабаканов Элдиярга, бизде тарбияланып жаткан балдардын ата-энелерине чоң ыраазычылык билдиремин», - деди балдар чыгармачыл үйүнүн директору Г.Бердимуратова.

Иш-чаранын алкагында Ч.Айтматов атындагы балдар чыгармачыл үйүнүн ыраазычылык каттары шаар башчы И.Еркеевге, төрага Б.Кыргызалиевге, билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Мырзалиевага, ЖАМУнун Кара-Көл шаарындагы колледжинин башчысы Ш.Чолпонкуловго, жеке ишкер Н.Байбаевге, шаардык кеңештин депутаты Ж.Матназаровага, М.Кошалиевага, Б.Жаркынбаевге, Р.Жусупбековага ыйгарылды. Ошондой эле жеке ишкер Н.Байбаев «Кыргызымдын мыкты жигити» төш белгиси менен сыйланды.

Ал эми балдар чыгармачыл үйүнүн токуу ийрим жетекчиси Токтокан Чокоева ыраазычылык кат жана «Насаатчы» эл аралык коомдук фондусунун «Насаатчы» төш белгиси, ошондой эле көмөк көрсөткөн 17 ата-энеге ыраазычылык каттар салтанаттуу түрдө тапшырылды.

Ал эми иш-чаранын алкагында чыгармачыл үйдүн токуу ийриминин жетекчиси Т.Чокоеванын жана балдар чыгармачыл үйүнүн ийрим жетекчилеринин көмөгү менен жасалган сакура дарагын элестеткен, кыргызча дайыма гүлдөп туруучу өмүр же санжыра дарагын жана башка эмгектери менен тааныштырышты.

Иш-чаранын экинчи бөлүгү Ч.Айтматовдун чыгармаларынан алынган театралдаштырылган үзүндүлөрдү аткаруу, көркөм окуу, ыр, бий, кыргыз күүлөрүн чертүү менен уланып, жыйынтыкталды.

Балдар чыгармачыл үйү 1977-жылы пионер үйү болуп ачылган. Быйыл аталган мекемеде 19 ийрим жетекчиси жана анын ичинде 5 «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгилеринин ээлери эмгектенишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×