Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 19.10.2018 08:00 Жаңыланды: 19.10.2018 18:18

Баңгиликке берилген жаштар, сарайдагы машыгуу, жеңиштин даамы... Машыктыруучу Азизбектин баяны (фото)

Turmush -  Токтогул районунун 27 жаштагы тургуну Азизбек Айтмырза уулу машыктырган жаш спортчулар көптөгөн ийгиликтерди багындырууда. Элеттик машыктыруучу менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 13 жашынан бери эркин күрөш менен машыгып, райондук, облустук деңгээлдеги мелдештерден калбай, байгелүү орундарды камсыздап келген.

«Өзүм Кызыл-Өзгөрүш айылынан болом. Биз жаш кезибизде машыгуучу зал жок болгондуктан үйүбүздүн бурчун машыгуучу зал кылып алып күрөшчүбүз. Кийин мал байлоочу сарайга турник, иштетилбеген темирлер менен штангаларды жасап, алардын жардамы менен машыгып жүрдүк. Мектепте окуп жүргөндө 6-класстан баштап алыш күрөш боюнча мелдештерге, 10-класска чейин облустук деңгээлдеги сынактарга катышып, ал жерден да жеңиштерге ээ болдум.

Мектепти бүткөн соң Бишкектеги Исхак Разаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин энергетика факультетине тапшырдым. Окуу менен бирге машыгууну дагы улантып, окуу жайдын курама командасына мүчө болуп кирдим. Бир топ спартакиадаларга катышып, ийгиликтерге жетише баштадым.

Андан кийин 2014-жылы Биринчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында эркин күрөш боюнча 63 салмактагы спортчулар арасында күрөшүп, биринчи орунду алып, чемпион болдум», - дейт Азизбек.

Анын айтымында, ал кийинчерээк айылга келип, эски имаратта айылдын жаштарын машыктырып баштаган.

«Окуу жайды аяктаган соң, айылга келип өз кесибим менен эмес, мугалимдик жаатта иштеп баштадым. Ошол учурда айылдагы бекер жүргөн балдарга күрөштү үйрөтүүнү колго алдым. Менин максатым ошол учурда жумушсуздуктун айынан окууга көңүл бурбай, чет өлкөлөргө мигрант болуп кетүүнү көздөгөн, ичкиликке, баңгиликке азгырылган жаштарды спортко тартуу эле. Ал мезгилде атайын машыкчу имаратыбыз жок болчу. Айылдагы эскилиги жетип, авариялык абалга кептелген маданият үйүнүн бир бөлмөсүн сурап, маттын ордуна үйлөрүбүздөн алып келген эски төшөктөрдү салып, машыгып жүрдүк. Кышында мектептин спорт залын ижарага сурап, түнкүсүн машыгып, кайра жыйнап, жууп-тазалап кетип жүрдүк. Ошентип спортко кызыккан балдардын саны көбөйгөндөн кийин айылдаштарыбыздын колдоосу менен имараттуу болуп, ошол жакта машыктык. Менин кубанганым, спортчуларымдын ушунча мээнетти актаганы болду. Мен тарбиялаган Амангелди Эсенбек уулу Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында эркин күрөш боюнча 65 кг салмактагы балбандар арасында чемпион болду. Окуучумдун бул жеңиши бардык кыйынчылыктарды эстен чыгарды», - дейт ал.

Азизбек үй-бүлөдө 11 бир туугандын кичүүсү. Өзү эки уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×