Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 18.10.2018 15:27

Кара-Көлдө 24, 32 батирлүү үй документи жана долбоору жок мыйзамсыз курулган

Turmush -  Кара-Көл шаарындагы Завод көчөсүндөгү 24 батирлүү үй жана Жетинчи аянтчада салынып, толук бүтө элек 32 батирлүү үй тууралуу маселени шаардык кеңештин депутаттары 21-сессияда көтөрүштү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Депутат Толкун Молдомуров: «Көп жылдан бери ушул үйлөрдүн иши бүтпөйт. Кээ бир батирлердин терезелерин сындырып кетип жатышат. Ушунун мындан аркы иши, тагдыры кандай болот?», - деп мэрден сурады.

Өз кезегинде мэр Завод көчөсүндөгү 24 батирлүү үй мыйзамсыз курулганын билдирип: «Бир дагы тастыктоочу документи жана долбоору жок. Мисалы, ал курулушка бюджеттен бир тыйын акча кеткен эмес. Элдин өзүнүн үстөк акчасынын негизинде курулуп, бүгүнкү күндө жашап жатышат. Бирок Мамэкотехинспекция кабыл албай жатат. Бир-эки документин топтоп койгонбуз. Калганын топтойлу десек нормативге туура келбейт экен. Экспертизасыз, долбоорсуз курулуш болуп жатат.

Ал эми 32 батирлүү үйдүн дагы тиешелүү документтери жок болууда. Андан сырткары, мамлекеттик кабыл алуу, Мамлекеттик техникалык көзөмөлдөө кызматы, Мамэкотехинспекциясынын өкүлдөрү кол койбой жатат. Аларга өзүм дагы кайрылган элем. Бирок кол коюудан баш тартышты. Анткени 32 батирлүү үй мурда курулуп бүтпөй калган үй эле. Ошону эле улап, курулушту башташкан экен. Ошондо эски кирпичтер толук алынган эмес. «Эгерде кокустук болсо, биз жооп беребиз» деген жүйөөнү айтып жатышат. Эми трансформатору даяр, электр энергия тартабыз, балкондорун жасайбыз, жылуулук киргизебиз деп депутаттардан каражат бөлүүнү сурансам, силер тиешелүү документтерин сурайсыңар. Азыр бул иш тиешелүү органдардын кароосунда жатат», - деди мэр И.Еркеев.

Ал эми төрага Б.Кыргызалиев мэрден Бишкектеги сейсмологиялык борборго кат жөнөтүүнү өтүндү.

«Алар келип текшерип, жашаганга болобу же болбойбу бүтүм чыгарып беришсин. Долбоору жок эле башталган, сметалары туура эмес түзүлгөн. Техникалык коопсуздугун (ТБ) караган киши ошол жерден 2% алган. Ал адистин ошондой үйлөрдү курууга уруксат документи жок экени да белгилүү болду. Эмне үчүн бул иш бүгүнкү күнгө чейин органда жатат? Эмне үчүн иш козголбойт, күнөөлүүлөр табылбайт? Сейсмологиялык борбордон адис келип бүтүм чыгарып берсе, биз ошого жараша иш кылабыз», - деди төрага.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×