Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 17.10.2018 12:39 Жаңыланды: 22.10.2018 09:59 На русском

Айыл турмушу: Европа, Араб өлкөлөрүндө иштеген Р.Бекташев айылына келип, 150дөй топоз багууда (фото, видео)

Turmush -  Токтогул районуна караштуу Ничке-Сай айыл аймагынын тургуну Бекташев Рахатбек 2011-жылдан тарта топоз кармап келет. Алгач Тажикстандан топоздун 6 айлык мамалактарынан онду алдырып, аталган айыл аймактагы Сан жайлоосуна коё берген. Баарысы тең өлбөй чоңойгондуктан, эки жылдан соң Нарын жергесинен 20дай топоз алып барып кошкон. Азыркы тапта бул жаныбарлардын саны 150гө чукулдап калды. Топоздорун көбөйтүү үчүн бар күчүн жумшаган айылдык ишкер, чарбачыл инсан менен аймактык кабарчы маектешти.

- Рахатбек мырза, өзүңүз Союз тарагандан соң 15 жыл Европа, Араб өлкөлөрүндө соода-сатык менен алектениптирсиз. Кайрадан айыл жашоосун, мал чарбачылыкты тандапсыз. Топоз багуучулукту качан жана кантип баштадыңыз? Ага эмне себеп болду?

- Туура, Союз тарагандан кийин кыйын жашоо болуп, элдин баары кыйналды. Мен да эл катары Россияга жумуш издеп барып иштедим. Россияга Индиядан, Европадан, Араб Эмираттарынан автотетиктерди алып келип жүрдүм. Ошентип, соода тармагында 15 жылдай эмгектендим. Башка өлкөдөгү баардык шарты бар жакшы жашоолорду көрдүм. Ошондо да менин жергем мен үчүн бийик турду. Айылым, жаратылышы укмуш жеримдин кооздугу көзүмдөн учту. Мекенимдин ташы да мен үчүн бийик болду. Ар бир жаныбардын түнөгү болгондой эле туулуп өскөн журтум менин түнөгүм да. Кыргызстанга болгон кусалык, сагыныч ар дайым жүрөктө кошо жүрдү.

Сыртта жүргөндө мал чарбачылыкты колго алууну максат кылчумун. Чет өлкөдөн кайткандан кийин ушул куттуу айылыма келип, мал чарбачылык ишимди баштадым. Чет өлкөдө жүрүп тапкан кирешеме айылга үч кабаттуу имарат тургуздум. Айылыма жардам берүү менин көксөөм болчу. 4 жылда имарат тургузулуп, пайдаланууга берилди. Имарат бүткөн соң айыл өкмөттүн балансына өткөрүп бердим.

Союз мезгилинде биздин аймактагы совхоздо топоз багылаар эле, алардын көркөмдүгүн дайым эстей берчүмүн. Мындан улам топоз багууну ойлоно баштадым, топоз баккандардан сураштырып, маалымат алдым. Анан 2011-жылы Оштогу тааныштар менен сүйлөшүп, Тажикстандан топоздун 6 айлык 10 мамалагын алып келдим. Чоң суммага сатып келип, жайлоого коё бердим. Ал мамалактарга карышкыр тийген жок, оорубай баары чоңойду. Үчүнчү жылы төлдөй баштады. Нарындан 20дан ашуун топоз алып келип, биринчи алып келгендериме коштум. Кудайга шүгүр, бир да топозум ылаң болгон жок, аска-зоодон секирип өлгөн жок.

- Топоз баккандардын көбү кароого алат, атайын тоют даярдашат, сүтүн пайдаланууда. Сиз кыштын күндөрү да кармабайт экенсиз. Кыш катуу болсо кантесиз? Жапайы топоз десек болот окшойт…

-Ооба, Нарында топоз баккандардын көпчүлүгү колго кармашат экен. Ошто топозду саап, сүтүн пайдаланышат. Былтыркы жылы биз да топозду саап көрдүк, бир топоздон бир сааганда 600-700 грамм сүт чыгып жатты. Беш маал саалган бир топоздон 3-3,5 литр сүт алса болоорун көрдүк. Желинине сүт толуп калганда өздөрү эле жүгүрүп келип калышат, абайлап саап алган соң кайра оттоп кете беришет экен. Быйыл топоздорду сааган жокпуз. Үйрөтүү абдан оор турат. Балдарыма, карагандарга зыяны тийип калбасын деп саадырбай жатам. Бирок келечекте бул топоздорду дагы көбөйтүп, андан кийин сааганга көндүрөбүз деген үмүтүм бар.

Ал эми мен топозду колго кармабаганымдын башкы себеби тоо-ташта эркин жүрсө алар жакшы чоңоюшат экен. Кыштын күндөрү кар турбай карайып калган жерде оттошот. Бирок кыш оор түшкөн маалда кыйын болушу мүмкүн, тоют камдоого даяр турушум керек. Жаз, жай күндөрү бир жайлоодо кармап туруу мүмкүн эмес. Бир күндө 40 чакырымга чейин жүрүшөт экен. Кайда кеткенин таппай да каласың. Акылдуу жаныбар десе болот. Кичинесинен ушул жайлоодо чоңоюшкандыктан жаз, күз, кыш мезгилинде кайсыл жайлоо алар үчүн ыңгайлуу экенин өздөрү жакшы билишет. Суук түшкөндө өздөрү эле ылдыйлашат. Алыс тарапка кетишпейт. Үйрөнгөн жайлоолорду гана байырлап жүрө беришет. Аба ырайын да жакшы сезишет. Катуу жаан-чачын болоордо күнгөй бетти көздөй жайын которушат. Колоттордо көп турушпайт. Кырларда шамалдуу, бороонду жерлерде көп жүрүшөт.

- Бул жаныбар ушунчалык кекчил дешет. Сиздеги топоздордо да кек сактап, адамга кол салган учур болдубу?

- Туура айтасыз, ырасында акылдуу, анан да кекчил келишет экен. Биз жайлоодогу үйүбүздүн жанындагы жерди ат менен кош тартып айдайбыз. Ушул топоздор менен да кош тарталы деп, эркек мамалактарын үйрөтүп көрдүк. Жайдын күнү кармоо кыйын болгондуктан кайра коё бердик. Үйрөтүп жатканда мурдун тешип койгон элек. Кош тартууга үйрөткөн бир-эки топоз коё берилгенден кийин мурдун тешкен учурга катышкандарды жектеп, көргөндө качырып жүрдү. Сүзгөнгө аракет кылды. Ал жек көрүп калган адам 2 жылдан кийин келсе да таанып, кол салууга аракет кылды. 1-2 адамга кек сактап калгандыктан, аларды сүзүп койбосун деп кооптонуп, топоздун этин жегиси келгенин айткан тааныштарыма сатып жибердим. Чоң топоз болгондо жок кылууга аргасыз болдум. Багып жүргөн же тынбай кабар алган адамга кек сактап калганды кармоо мүмкүн болбой калат. 2-3 жылдан кийин көрсө да ошол адамды таанышат экен.

- Дагы кандай мүнөзгө ээ экен?

-Акылдуулугунда сөз жок. Мен тоо ташка жакшы жүргөн «Лада-нива» үлгүсүндөгү унаа менен жүрөм. Ушул унаам менен топоздорго дайыма туз ташып барам. Унаамды 1,5-2 чакырым алыстан көрүп калышса да, мени көздөй утурлай оюн салып чуркап келишет. Ал учурду көрүп кубанасың. Анан да мамалактары мышыктай эле болуп төрөлүшөт, аябай көркөмдүү болушат. Жашыл аалам менен курчалган жайлоодо мамалактарынын оюн салып ойногону өзүнчө эле көңүлүңдү көтөрөт. Бул жаныбарды кароо үчүн адамдын мээнети өтө эле талап кылынбайт. Бирок буларга көз салып карап туруу керек. Топ-топ болуп бөлүнүп кетишет. Ар тарапка кеткенде чогулта албай кыйналбасак, башка орчундуу деле кыйынчылык жок десем болот.

- Топоздор көбүнчө кайсыл айда төлдөшөт?

- Топоздор жаз мезгилинин март, апрель айында төлдөйт. Бул аралыкта адамдар жакындаса тууттан качып, төлдөбөй коёт. Ошондуктан бул жаныбарлар төлдөп жатканда жанына жакындабастан, дүрбү салып үстүртөн карап жүргөн жакшы. Үйүрүнөн бир күн эле алыстайт. Баласын тойгузуп, уктатып коюп, айланасында оттоп жүрө берет. Бир күндөн соң эле үйүрүнө кошулуп кетет.

- Топозду карышкырга, мамалагын бүркүткө алдырган учур болду беле?

- Мамалагын бүркүт алат дейт, бирок андай учур бизде каттала элек. Бирок мамалактарын жоготуп алып жатабыз. Адамдар тарабынан эле көз артылып, кол салынган учурду угуп жатабыз. Алардын өз абийлерине койдук. Адам браконерлеринен эле жабыр тыртышпаса, жырткыч жаныбарларга алар оңой менен жем болушпайт экен. Карышкыр келчү болсо бири-бирине үн беришип, заматта топтоло калышат экен. Баары топтолуп, ошол карышкырга тап берип качырышкан учурга күбө болдум. Чуркаганда да укмуш чуркашат. Тоо-ташта тайгаланып, бийиктиктен кулаган учур деле болгон жок.

- Алдыда кандай максаттарыңыз бар?

- Негизги максатым бул акылдуу жаныбарлардын башын көбөйтүү болуп саналат. Терисинен мүйүзүнө чейин адамдардын керектөөсүнө пайдаланса болот. Сүтүнүн да даарылык касиети күчтүү болот. Курут майын эч кандай кошулмаларсыз эле жасап, элге чыгаруу ниетим бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×