Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 17.10.2018 11:17 На русском

Жалал-Абадда алма, кара өрүктөр кар алдында калды (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Аксы районунда алма, кара өрүктөр кар алдында калды. Бул тууралуу Кашка-Суу айылынын тургуну Топчубек Ашыралы уулу билдирди.

Анын айтымында, калың кар электр чубалгыларын да үзгөн. Бирок эртең менен электр жарыгы берилди.

«Кардын калыңдыгы 8 сантиметрге жетти. Айылдагы жашоочулардын көбү короосундагы алма, кара өрүктөрүн тере элек болчу. Эми алар кар алдында калып, үшүк алды. Жыл сайын жашоочулар алмаларын терип, базарга сатыкка чыгарчу. Кардын кесепетинен бак-дарактар сынып, электр чубалгылары үзүлүп, айылдагы жарык үзгүлтүккө учурады. Учурда РЭСтин кызматкерлери оңдоп жатышат», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×