Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 17.10.2018 10:53

«Чычкан» постунда турган 200дөй унаанын айдоочуларына ысык чай берилүүдө (фото)

Turmush -  Ош—Бишкек жолунун 272-чакырымында жайгашкан «Чычкан» атайын станционардык постунда токтоп турган оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына жол көзөмөлдөөчүлөр ысык чай жана нан таратууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ЖКККБнын ага инспектору Айбек Сатыбалдиев билдирди.

Анын айтымында, постто азыркы тапта 200дөй оор жүк ташуучу унаа токтоп турат.

«Эки күндөн бери токтоп турган оор жүк ташуучу унаанын айдоочуларына нан жана ысык чай таратылууда. Бир саат аралыгында унаалар өткөрүлөт», - деди ага инспектор.

Жол көзөмөлдөөчүлөр айдоочуларды жол эрежелерин жана 500 метр аралыкты сактоого чакырышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×