Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 17.10.2018 10:40

Кара-Көлдүн вице-мэри калкка жылуулук качан берилерин айтты

Turmush -  Кара-Көл шаарынын калкына жылуулук ноябрь айынан тарта берилет. Бул тууралуу биринчи вице-мэр Калыбай Өскөн уулу билдирди.

Анын айтымында, эгер аба ырайы 5 сутка катары менен 8 градустан ашпаса жылуулук токтоосуз берилет.

«Кечээ кар жаагандан бери абанын температурасы күндүзү орто эсеп менен -8 градусту көрсөтүүдө. Эгер ушул көрсөткүч 5 сутка кайталанса, жылуулук токтоосуз бериле баштайт. Ал эми кечээ түнү суук -1 градуска чейин түштү. Учурда электр отказандары жылуулук берүүгө 100% даяр», - деди К.Өскөн уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×