Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 17.10.2018 09:32 На русском

Ош—Бишкек жолунда оор жүк ташуучу унаа 15 жылкыны сүзүп өлтүрдү (видео, фото)

Turmush -  Ош—Бишкек жолунда оор жүк ташуучу автоунаа 15 жылкыны сүзүп өлтүрдү. Бул маалыматты Жалал-Абад ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнөн тастыкташты.

Маалым болгондой, кырсык Ош—Бишкек жолунун Таш-Көмүр шаарына караштуу 448-чакырымында 15-октябрда саат 04:00 чамасында катталган. Сүлүктү шаарынын тургуну А.Тилек «Мерседес-Бенц 2540» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасына чиркегич улап, Ош шаарынан Бишкек шаарын көздөй бара жатканда жолдон бир үйүр жылкы чыккан. Ал унаасын токтотууга үлгүрбөй, жылкыларды сүзүп кеткен.

«Кырсыктын кесепетинен 15 жылкы өлгөн, алардын ичинен үч баш жылкыны адалдап мууздоого үлгүргөн. Олуттуу өлчөмдө материалдык зыян келтирилди», - деп маалымдашты жол көзөмөлдөөчүлөр.

Бул окуяга юридикалык баа берүү үчүн материалдар Таш-Көмүр РИИБге өткөрүлүп берилди.

Эскертүү:

Кыргыз Республикасындагы жол кыймылынын эрежелерине ылайык, мал-жандыктарды унаа жолдун атайын белгилер коюлган тилкесинен гана айдап өтүүгө болот. Ошондой эле бодо жана майда жандыктарды адамдын көзөмөлүсүз унаа жолго чыгарууга тыюу салынат.

Эгерде бул эрежелер сакталбаса малдын өтүшүнө уруксат берилбеген тилкеде жол кырсык болгон учурда жоопкерчилик малдын ээсине жүктөлөт. Ал жол кырсыкка катышкан унаанын айдоочусуна материалдык чыгым төлөөгө милдеттендирилет.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×