Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 17.10.2018 09:02

Айыл турмушу: Сузактык дыйкан М.Исмаилов 4 гектар жерге алма өстүрүп, 100 тоннага жакын түшүм алды (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы дыйкандар алманын түшүмүн жыйнап жатат. Бул аймактагы дыйкандардын басымдуу бөлүгү алма өстүрүү менен алек.

45 жаштагы дыйкан Махмуд Исмаилов 24 жашынан бери алма өстүрүп келет. Учурда анын 4 гектар жерди ээлеген алма багы бар. Ал 21 жылдан бери түрдүү ыкмаларды колдонуп, мол түшүм алуунун жолдорун өздөштүрдү.

«Алма терүүнүн да өзүнчө ыкмалары бар. Ал эми таш алма суукка чыдамдуу келет. Ошондуктан жаан жаагандан кийин да терүүгө болот. Алма терүү мезгилинде тургундарга да жумуш берилет. Жыл сайын адамдарды чакырып, акча төлөп, түшүм жыйнайбыз. Быйылкы жылдын эсебинен жалпы 100 тоннага жакын алма терилди. Азыркы учурда алманын бир килограммы орто эсеп менен 20 сомго бааланууда. Учурда бакчамда 1400 түп таш алма жана 50 түп башка сорттогу алма бар. Мындан сырткары 200 түп анар өстүрөм. Ал эми ички базарга алып чыгуу үчүн терилген алмалар март айына чейин сакталат», - деди ал.

Аталган райондо жалпы 1500 гектар жерде түрдүү мөмөлүү бактар бар. Анын басымдуу бөлүгүн алма бактар түзөт. Анткени көпчүлүк дыйкандар алма өстүрүүнүн жолдорун өздөштүрүп, акыркы жылдары мол түшүм ала баштады. Алманын түшүмүн жыйноо ноябрь айына чейин улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×