Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 16.10.2018 13:24

Аксыда кар жаап, айрым айылдарда электр жарыгы өчтү

Turmush -  Бүгүн, 16-октябрга караган түнү Жалал-Абаддагы Аксы районунун айылдарында кар жаады. Айрым аймактарда кардын калыңдыгы 5 см чейин жетти, деп билдиришти жашоочулар.

Учурда кар токтой элек. Кар жаагандан кийин айрым айылдарда электр жарыгы да өчкөн. Райондогу дыйкандар түшүмүн толук жыйнап бүтө элек болчу.

Ошондой эле бүгүн, 16-октябрда Талас облусунда кыштын биринчи кары жаады.
Баткен облусунун айрым аймактарында 7-8-октябрь күндөрү кар жааган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×