Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 15.10.2018 17:02 На русском

Ала-Белде айылдашына жардам берүү үчүн токтогон айдоочуну өз унаасы басып калды (фото)

Turmush -  Ош—Бишкек жолунун 218-130-чакырымында 44 жаштагы айдоочуну өзүнүн унаасы басып калып, ал ооруканада каза болду. Бул фактыны Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөөчүлөрү да тастыктады.

Маалыматка караганда, 13-октябрга караган түнү Аксы районуна караштуу Кош-Дөбө айылынын Атана участкасынын 1974-жылы туулган тургуну Т.Азамат «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унаасы менен Бишкек шаарын көздөй бара жаткан. Ал Ош—Бишкек жолунун Ала-Бел ашуусуна жеткенде унаасы бузулган айылдашын көргөн. Ал Аксы районунун Кош-Дөбө айылынын Атана участкасынын 1993-жылы туулган тургуну Ы.Бексултан болчу. Ал дагы «Мерседес-Бенц Спринтерде» болгондуктан, ага тетик берүү үчүн унаасын жол четине токтоткон.

«Т.Азамат унаасы жылып кетпеши үчүн арткы дөңгөлөктөрүнө таш коюп жаткан. Жол тайгалак болгондуктан унаа артка жылып кетип, аны тебелеп, 30 метрдей сүйрөп барып токтоптур. Анын кесепетинен ал Токтогул аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген, бирок өзүнө келбей каза болду», - деп айтылат билдирүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×