Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-январь
Жалал-Абад облусуАксы району 15.10.2018 12:35

Кербен шаарында Нүзүп бийдин айкели тургузулду (фото)

Turmush -  Аксы районуна караштуу Кербен шаарында Нүзүп бийдин айкели тургузулду. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Нүзүп Эсенбай уулунун эстелиги 3 жылдан бери жасалып жаткан. Анын ачылышына райондун акими Масалбек Мырзамамытов баштаган жетекчилер катышты.

Нүзүп бийдин эстелигинин курулушу 2015-жылы башталып, кийин каражат жетпей, толук бүтпөй калган. Эстеликке марафондон 1 млн 200 миң сомдой каражат чогултулган болчу.

Нүзүп бий Эсенбай уулу (1794-1844) XIX кылымда Аксы аймагынан чыккан көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, аскер башчы болгон. Кокон хандыгында кыргыздардын ичинен биринчи болуп «миң башылык» жогорку аскердик чинге жеткен тарыхый инсан. Нүзүп Эсенбай уулу 1794-жылы (айрым тарыхый булактар боюнча 1796-1798-жылдары) Аксы районунун Афлатун айлында төрөлгөн. Сарай козголоңу маалында 1844-жылы өлтүрүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×