Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуСузак району 12.10.2018 09:44

Акыркы суткада өлкө аймагында 10 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 10 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 11 бөлүм жөнөтүлгөн, деп билдирди бүгүн, 12-октябрда ӨКМдин басма сөз кызматы. Адамдар жаракат алган жок.

Жалал-Абаддагы Сузак районунун Сузак айыл аймагында сарайдан өрт чыгып, анын кесепетинен 48 чарчы метр чатыры, 250 түк беде жана 600 түк саман күйгөн. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Ошондой эле белгисиз себеп менен Чүйдөгү Аламүдүн районунун Бакай-Ата конушундагы турак үйдүн 50 чарчы метр шыбы жана кездемелер күйгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×