Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 11.10.2018 13:48

Кара-Көлдө майып адамдар арасында 9-облустук спартакиада өтүп жатат (фото)

Turmush -  Бүгүн, 11-октябрда Кара-Көл шаарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасында 9-облустук спартакиада өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чаранын ачылыш аземине мэр И.Еркеев, шаардык кеңештин төрагасы Б.Кыргызалиев, өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн социалдык иштер боюнча башкы адиси А.Камбаров, мекеме-ишканалардын жетекчилери, район-шаарлардын акимдеринин орун басарлары, соцкызматкерлер катышты.

Спартакиадага Аксы, Ала-Бука, Чаткал, Сузак, Ноокен, Токтогул райондорунан жана Жалал-Абад, Таш-Көмүр, Майлуу-Суу шаарларынан 200дөн ашык катышуучулар келген. Алар майып араба менен жарышуу, кол күрөш, шахмат, шашки, штанга көтөрүү боюнча мелдешти. Ал эми көзү азиздер, дүлөйлөр арасында 70 салмактан төмөн жана жогорку салмактагы таш көтөрүү, кол күрөш боюнча мелдештер болду.

Иш-чара КРнын «Ден соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» мыйзамынын алкагында майып адамдардын жашоосун жакшыртуу жана алардын кызыкчылыктарын коргоо максатында «Чакадагы сууну жеткирели...» деген ураандын астында өткөрүлүп жатат.

Спартакиаданын алкагында көргөзмө уюштурулуп, анда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 68 жаштагы шаар тургуну, «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгисинин ээси Токтокан Чокоеванын эмгектери коюлган. Ал 44 жылдан бери билим берүү тармагында эмгектенип, 18 жылдан бери Балдар чыгармачыл үйүндө токуу ийримин жетектейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×