Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 10.10.2018 23:11

Аксыда окуучуларга 1 ай шашке чай берилбей калганы боюнча текшерүү жүрүүдө

Turmush -  Аксы районунда окуучуларга 1 ай шашке чай берилбей калгандыгы боюнча текшерүү жүрүүдө. Аксы райондук билим берүү бөлүмүн убактылуу жетектеп жаткан Нурила Тилекматованын айтымында, тендердин өтүшү боюнча атайын текшерүү башталган.

«Аксы районундагы мектептерде окуучуларга берилүүчү шашке чай үчүн өткөн тендер мыйзамсыз өттү деп ишкерлер нааразы болушкан. Ошол боюнча учурда текшерүү жүрүп жатат. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет», - деди ал.

Буга чейин Аксыда мектептеги окуучулар 1 ай шашке чай ичпегени маалым болгон. Анда окуучуларга берилүүчү шашке чай үчүн өткөн тендер мыйзамсыз болгонун ишкерлер айтып чыккан.

Аксыда 65 мектепте 1-класстан 4-класска чейинки 10 миңден ашуун окуучу шашке чей ичет. Ал үчүн 2,7 млн сом, 12 мектептеги ысык тамак үчүн 1,4 млн сомдук тендер жарыяланган болчу.

Ал эми Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы У.З.га карата кылмыш иши козголуп, ишинен убактылуу четтетилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×