Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 10.10.2018 12:53 На русском

Базар-Коргондо кайын журтуна барып, 6 адамды бычактаган күйөө балага сот өкүм чыгарды

Turmush -  Базар-Коргон районунда мурдагы кайын журтуна барып, 6 адамды бычактоого шектелген күйөө баланын ишин райондук сот карап, аны өмүр бою эркинен ажыратты. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, айыпталуучу КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 28-97-беренелеринин (кылмыш жасоого түздөн-түз багытталган, тикелей ниетте жасалган аракет же аракетсиздик, эгерде мында кылмыш адамдарга көз каранды эмес жагдайлар боюнча аягына чыгарылбаса, кылмыш далалаты деп табылат), (киши өлтүрүү) 2-бөлүмүнүн 1-3-6-пункттары, 97-берененин 2-бөлүмүнүн 1-4-6-10-пункттары, 246-берененин 3-бөлүмү менен (башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) күнөөлүү деп табылып, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 59-беренесинин (бир нече кылмыш жасагандыгы үчүн жаза белгилүү) негизинде ар бир берене боюнча белгиленген жазалар жарым жартылай кошулуу менен өмүр боюу эркиндигинен ажыратылды.

«Кылмыш-жаза кодексинин 60-беренесинин (өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча жаза белгилүү) негизинде мурдагы 2017-жылдын 19-декабрында Сузак райондук сотунун өкүмүнүн негизинде белгиленген 6 жылга эркиндигинен ажыратуу жазасы боюнча өтөлбөгөн жазасы жарым-жартылай кошулуу менен өмүр бою эркиндигинен ажыратуу жазасы белгиленген. Бөгөт коюу чарасы камактагы боюнча калтырылып, жазаны өзгөчө тартиптеги түзөтүү абагында өтөөсү белгиленген.

Базар-Коргон райондук сотунун өкүмү менен макул болбой, айыпкердин жактоочусу Жалал-Абад облустук сотуна апелляциялык тартиптеги даттануу менен кайрылган. Жазык иш апелляциялык тартипте облустук соттун кароосунда турат», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин маалымдалгандай, ушул жылдын 21-февралында соттолуучу Б.М. мас абалда кайын журтуна келип, чыр чыгарып, кайын ата, кайын энесине, жубайына, ортого түшкөн кошуналарына бычак сайып жиберген.

Окуя тууралуу

Базар-Коргон районунда үй-бүлөлүк жаңжалдан улам бир адам каза болуп, 5 адам ооруканага түшкөн.

Turmush басылмасына маалым болгондой, окуя Базар-Коргон районуна караштуу Сейдикум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылында ушул жылдын 21-февралда түнү болгон. Кайненесинин үйүнө барган күйөө бала спирт ичимдигин ичип алып, кайненесинин үйүндөгү үч адамды жана көчөдө бара жаткан эки тургунду бычактаган.

Анын кесепетинен көчөдө бара жаткан жарандын бири окуя болгон жерде мерт кеткен. Оор жаракат алып, аймактык ооруканага жалпысынан 5 адам түшкөн.

Алар:

- 1971-жылы туулган М.У. (аял киши), бычактан алган жарааттан улам ички органдары жабыркаган;

- 1978-жылы туулган К.К. (эркек киши), бычактан алган жарааттан улам ички органдары жабыркаган;

- 2012-жылы туулган М.М. (эркек бала), көкүрөгүнүн сол тарабына бычак сайылган;

- 1993-жылы туулган Ж. кызы Г., башынан жана колдорунан көптөгөн жаракат алган;

- 1960-жылы туулган Ч.Б.(эркек адам), оң далысынан жана мойнунан жаракат алган;

Каза болгон адамдын өздүгү такталып, ал 1984-жылы туулган Б.К. экени аныкталды.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, Кызыл-Ай айылына күйөө бала болгон жаран Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну. Ал уктап жаткан үй-бүлөгө кол салып, алгач кайнатасын бычактоого аракет жасаган. Үйдөгү аялы жана кайнежеси аны менен алышып, эжеси кошуналарын жардамга чакыруу үчүн көчөгө чуркап чыккан.

Күйөө бала жардам сурап жөнөгөн аялдын артынан чуркап, жардамга келген эки кошунасын бычактаган. Кайра үйүнө кирип, өзүнүн жубайын жана уктап жаткан 6 жаштагы балага да бычак сайып, качып кеткен.

Кийинчерээк Базар-Коргон РИИБдин кызматкерлери өзгөчө оор кылмышка шектелген адамды кармаган. Аталган факты боюнча өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иш козголгон. Кармалган адам мурда да мал уурулук боюнча бир нече жолу соттолгондугу жана издөөдө жүргөндүгү такталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×