Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 10.10.2018 11:54

Кара-көлдүк депутат жаш балдарга коркунуч жараткан жолбун иттерди атууну өтүндү

Turmush -  Кара-Көл шаарында жолбун иттер жаш балдарга коркунуч жаратууда. Бул тууралуу 9-октябрда Кара-Көл шаардык кеңештин 21-сессиясында айтылды.

Депутат Гүлжигит Толубаевдин айтымында, жолбун иттер окуучуларды кубалаганына өзү күбө болгон.

«9-октябрда саат 12:00 чамасында №3 мектептин 1-классынын окуучуларын жолбун иттер кууп, бирөөсү качып баратканда сууга жыгылып, колу тытылганына күбө болдум. Ата-энелер да мага кайрылышып, жолбун иттерди атууну өтүнүштү. Жолбун иттер көбөйдү, эмне үчүн аларды атпай жатасыңар?», - деп мэрге кайрылды.

Өз кезегинде шаар башчы И.Еркеев буга чейин 21 жолбун ит атылганын билдирди.

«Аба ырайын эске алып, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору көрсөтмө берет, ошонун негизинде жолбун иттер атылат. Бүгүнкү күнгө чейин 21 ит атылды. Азыр ит атуу боюнча тендер өткөрөлү десек, эч ким катышпай жатат. ШИИБдин аймактык тескөөчүлөрү жана мергенчилер менен өзүбүздүн каражатыбызга аттырууга туура келүүдө», - деди мэр.

Буга чейин Кара-Көл шаарында 15 жаштагы кызды жолбун иттер талап, ал ооруканага түшкөндүгү маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×