Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 10.10.2018 11:13 На русском

Кара-Көл шаардык кеңештин сессиясында депутаттар мэрдин ишине баа беришти (фото)

Turmush -  Кара-Көлдө 9-октябрда шаардык кеңештин кезектеги 21-сессиясы болуп өттү. Аймактык кабарчы маалымдагандай, сессияга 27 депутат катышты. Үч депутат жөйөөлүү себептер менен катышкан жок.

Күн тартибине 22 маселе коюлуп, төмөнкү маселелер каралды.

1. Шаардын 2018-2019-жылга күзгү-кышкы мезгилге даярдыгы жөнүндө биринчи вице-мэрдин маалыматы каралып, кеңештеги тиешелүү комиссияга кайра кароого жөнөтүлдү;

2. Мэриянын шаардагы иштердин жалпы абалы, бюджеттин аткарылышы, муниципалдык менчиктин жана бюджеттен тышкаркы фонддордун каражаттарынын пайдаланылышы, социалдык-экономикалык жактан коргоо программаларынын 2018-жылдын 6 айында аткарылышы жөнүндө мэр И.Еркеевдин отчету каралып, анын отчетуна шаардык кеңештин депутаттары канааттандырарлык деген баа беришти;

3. Шаардык бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2018-жылдын 6 айындагы жыйынтыгы боюнча мэр И.Еркеев маалымат берди;

4. Шаардык ички иштер бөлүмүнүн коомдук тартипти сактоо, тартип бузуучулукту, кылмыштуулукту болтурбоо боюнча балдар жана жаштар арасында көрүлүп жактан иш-чаралар жөнүндө маалыматын депутаттар угушуп, тиешелүү маселелер боюнча сунуштарын айтышты;

5. Аялдар кеңешинин 2017-жылдын 6 айындагы жана ушул жылдын 6 айында аткарылган иштери жөнүндө отчету каралып, сунуш-пикирлер берилип, суроолорго жооп алынып, канааттандырарлык деп табылды;

6. Кара-Көл токойчулугунун аткарган иштери жөнүндө маалымат берилип, маселе кароодон өттү;

7. Аксакалдар сотунун 9 адамдан турган мүчөлүгүн бекитүү маселеси депутаттардын кароосунан өткөн жок.

Сессия 10-октябрга жылдырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×