Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 10.10.2018 10:41

Кара-Көлдө 8 млн сомго жаңы мечиттин курулушу башталды (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарында Саидбин-Аль-Мусаиб мечитинин имараты бузулгандан кийин ордуна жаңысын куруу иши 9-октябрда башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жаңы мечиттин курулушунун капсула салуу аземине мэр И.Еркеев, шаардык кеңештин төрагасы Б.Кыргызалиев, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

«Мечитти куруу үчүн биз эл аралык кайрымдуулук фондуна кайрылдык. Сүйлөшүүнүн негизинде биз курулуштун 30%ын, калганын алар толугу менен каржыламай болушту. Мечиттин долбоорунун жалпы сметалык баасы 8 миллион сомду түзөт. Пайдубалы 1 миллион 800 миң сомго курулат. Учурда шаардан чыккан атуулдардын жардамы менен мечиттин пайдубалынын курулушун ашар жолу менен баштап отурабыз. Ага Т.Бегматов, М.Анашев 250 миң сомдон бөлүштү. Курулушка салым кошо турган атуулдар үчүн 7 адамдан турган атайын комиссия түзүлүп, түшкөн акчаларды чогултуп, көзөмөл жүргүзүшөт.

Куруу ишин Нарын ГЭС 2 ишканасы жүргүзмөкчү. Алар тажрыйбалуу, ГЭСтерди курган ишкана деп билебиз. Сапаттуу курбасак, кийин пайдубалынан жарака кетип, мурунку мечиттей жараксыз болуп калбасын деген ойдо ушул ишканага бердик», - дейт шаар башчы.

Курулушту баштоонун алдында мал союп, бата кылышты. Ошондой эле катышуучулар курулушка өз салымдарын кошту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×