Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 10.10.2018 09:50 На русском

«Өз ажалы менен өлдү»: Ала-Букада 19 жаштагы жигит атасын бычактап өлтүрүп, көмүп койгон

Turmush -  Ала-Бука районунда мас абалдагы атасын уулу үч жолу бычактап өлтүрүп, «өз ажалы менен өлдү» деп көмүп коюшкандыгы аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ала-Бука районуна караштуу Достук айылынын 1969-жылы туулган тургуну С.Т. ушул жылдын 4-октябрында түнкү саат 22:00 чамасында үйүнө мас абалда келген. 1999-жылы туулган уулу Рашидди урушуп, ага кол көтөргөн учурда уулу сандыктын үстүндө турган бычакты алып, атасынын көкүрөгүнө үч жолу сайып жиберген. Уулунан бычак жеген ата ошол жерде каза болгон.

«Бул үй-бүлө маркумдун өлүмүн жашырып, «мас болуп өз ажалы менен каза болуп калды» деп акыркы сапарга узатышкан. Айылдагы «Жаамий» мазарына жансыз денени көпчүлүк менен бирге көмүшкөн. Бирок Ала-Бука РИИБге маркумдун өлүмү боюнча күмөндүү маалымат түшүп, атайын ыкчам иликтөө иши жүрүп, маркумдун киши колдуу болуп өлгөнүн аныкташкан. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси («Адам өлтүрүү») менен кылмыш иши козголгон.

Уулу убактылуу кармоочу жайга киргизилип, ал күнөөсүн мойнуна алды. Алгачкы көрсөтмөсүндө атасы ичимдик ичип келгенин, ошол күнү үйүндө жаңжал болгонун, анын кесепетинен атасына бычак сайганын билдирди. Бул боюнча тергөө иши уланууда. Бүгүн тергөө иштеринин алкагында эксгумациялоо иштери да жүргүзүлөт», - деп айтылат маалыматта.

Маркум төрт баланын атасы болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×