Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 09.10.2018 15:17 Жаңыланды: 09.10.2018 16:22

Жалал-Абадда Барпы атындагы театрдын алдында ок атылды (толукталды, фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы Барпы атындагы театрдын имаратынын алдында 7-октябрда кечки саат 18:00 - 19:00 чамасында «Тойота» үлгүсүндөгү ак түстөгү унаадагы балдар асманга ок чыгарып, окуя болгон жерден качып кетишти. Бул тууралуу окуяга күбө болгондор билдиришти.

Т.Сатылганов атындагы сейил бактын айланасында соода кылгандар да бул окуяны тастыктап, алардын айрымдары «балдар пиротехникалык каражаттар менен ойноп жатат» деп ойлошконун билдиришти. Алар ок атылганын билишкен соң, милицияга кабар берип, унаанын номуруна чейин айтып беришкен.

«4-5 жолу катуу үн чыкты, андан кийин эле ак түстөгү бир унаа катуу ылдамдык менен кетип калды. Үн чыккандан кийин эле сейил бакта жүргөн кайгуул күзөт кызматынын кызматкерлери келип, бирок унаага жетпей калышты. Шашылыш башкаларга кабар берип жатышкан, кармалдыбы билбейм. Ошол күнү балам ойноп жүрүп, тапанчанын гильзасын көтөрүп алып келиптир. Бул жерде баш аламандык көп болот, жаш балдарга зыяны тийип калабы деп коркобуз», - дейт күбө болгон соодагер.

Барпы атындагы театрдын жетекчиси Санжар Берикбаев ал күнкү окуяга күбө болуп, тийиштүү тараптарга маалымат бергендигин билдирди.

«Шаардык маданият үйүнүн директору экөөбүз отурганбыз. Ошол учурда катуу үн чыгып калды, балдар пиротехникалык каражаттар менен ойноп жатат деп ойлогонбуз. Карасак «Тойота» үлгүсүндөгү унаадан бирөө асманга ок чыгарып, кетип баратыптыр. Милицияга кабар берилди», - дейт С.Берикбаев.

Ошондой эле ал буга чейин Жалал-Абад шаардык мэрияга театрдын алдын тосуп берүү өтүнүчү менен 3-4 жолу кат жолдогондугун, бирок эч кандай реакция болбой жаткандыгын кошумчалады.

Кийинчерээк Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдагандай, милиция кызматкерлери тарабынан унаа айып короосуна киргизилип, айдоочуга административдик айып салынган.

«Жалал-Абад ШИИБдин маалыматында шаардык нөөмөт бөлүмүнө жарандар тарабынан маалымат түшөрү менен окуя болгон жерге кайгулдоо багытында жүргөн мобилдүү топ барып, кароо жүргүзгөн.

Жарандар билдиргендей ал жактан качып кеткен «Марк 2» унаасы эмес, «Тойота Виндом» унаасы экендиги аныкталган. Кароо учурунда ал жерден курал жана октун гильзасы табылган эмес. Ошондой эле унаанын айдоочусунун күбөлүгү жок экендиги аныкталып, автоунаа айып короосуна киргизилип, административдик айып салынган. Учурда иликтөө иштери уланууда», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×