Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 09.10.2018 12:06

Ак-Тайлак айылында 4 млн сомго асфальтталган жол жыл өтпөй бузулду, - тургундар (фото)

Turmush -  Ала-Бука районуна караштуу Көк-Серек айыл аймагындагы Ак-Тайлак айылында салынган асфальт жол бир жыл өтпөй бузулган. Мындай пикирди аталган айылдын тургундары билдиришти.

Алардын айтымында, айылда биринчи жолу 2016-жылы асфальт жол салынган. Бир жылга жетпей, майда таштары учуп, жаңыдан салынган жолдо чуңкурлар пайда болгон. Мындан улам тургундар чуңкур жерлерине майда таштарды, топурак аралаштырып толтуруп коюшкан. Быйылкы жылы андагы асфальт төшөлгөн жолдун кичине бөлүгүнө экинчи жолу асфальт төшөлгөн, бирок иш ошол бойдон токтоп калды.

«Эгер жол сапаттуу курулса, экинчи жолу асфальт төшөлбөйт эле. Оор жүк ташуучу унаалар өткөндүгү да таасирин тийгизүүдө», - дешет жергиликтүү тургундар.

Көк-Серек айыл аймагынын башчысы Камчыбек Исраиловдун айтымында, аталган айылдагы жолду асфальттоо үчүн районду өнүктүрүү фондунан 4 миллион сом каралып, 700 метр жол асфальтталган.

«Жолду «Жалал-Абад АБЗ» ЖЧКсы 2016-жылы салган. Быйыл жолдун 150 метрине экинчи жолу асфальт төшөлдү. Калган жерлерин октябрь айларында да караштыра турганын айтып жатышат. Жол курулуп бүткөндөн кийин 3 жылга чейин жол бузулса аталган мекеме кайра оңдоп берет», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×