Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 09.10.2018 09:26 На русском

Тогуз-Тородогу баш аламандык: Атай айылдык кеңештин төрагасы камакка алынды

Turmush -  Тогуз-Торо районунда баш аламандык уюштурууга шектүү делип Атай айылдык кеңешинин төрагасы камакка алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Тогуз-Торо районунда ушул жылдын апрель айында алтын кен иштетүүчү «Джи Эл Макмал Девелопинг» ЖЧК комбинатында баш аламандык уюштуруу боюнча Тогуз-Торо РИИБдин тергөө кызматы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренесинин (бейбаштык) 3-бөлүмүнүн жана 174-беренесинин (мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу) 2-бөлүмү менен кылмыш иши козголгон.

Жалал-Абад ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүп, кылмыш иштери боюнча окуя болгон жерде массалык тартипсиздикке катышкан 21 адам соттолууда. Алар Кылмыш-жаза кодексинин «Массалык тартипсиздиктер», «Бейбаштык», «Жерлерди өзү билип ээлөө же басып алуу», «Мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу» беренелери менен айыпталууда. Кылмыш иши боюнча 19 шектүү үй камагында. Алардын арасында Көк-Ийрим айыл аймагында жергиликтүү кеңештин депутаты да бар. Жалпы 3 адам камакта.

Калган кылмышка шектүү адамдарды анын ичинде активдүү лидерлерин, негизги уюштуруучуларын аныктап, жоопко тартуу максатында ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, 2 жаран камакка алынган.

«7-октябрда Тогуз-Торо районунун Атай айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы, 1973-жылы туулган Ш.У. Жалал-Абад ОИИБге алып келип, кылмышка шектүү катары жактоочусунун катышуусунда суракка алынды. Төрага 7-октябрда убактылуу кармоо изоляторуна киргизилип, 2 айлык мөөнөткө камакка алынды. Бүгүнкү күндө тергөө амалдары уланууда», - деп айтылат маалыматта.

Окуя тууралуу

Ушул жылдын 11-апрелинде Тогуз-Торо районунун тургундары «Джи Эл Макмал Девелопинг» ишканасынын кайрадан иштешине каршы болуп, митингге чыгышкан.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, митингге чыккандар ишкананын имаратын өрттөп салышкан.

«Нааразычылыкка чогулгандар ишкананын өкүлдөрү элдин талаптарын аткарбаганын айтып, имаратты өрттөп жиберишти. Учурда чогулгандар өздөрүнүн талаптарын айтышууда. Болжол менен митингге 800дөн ашуун эл чыкты», - деп билдиришкен тургундар.

Кийинчерээк ошол учурдагы премьер-министр Сапар Исаков Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Тилек Идирисов кызматынан бошоткон. Ал эми ИИМдин Тергөө кызматы Тогуз-Торо районунда баш аламандык уюштурууга шектүү деп 15 тургунду кармалгандыгын маалымдаган.

Маалым кат:

Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, «Джи Эл Макмал Девелопинг» ЖЧКнын жетекчиси болуп Жээналиев Максат Субанбекович эсептелинет. Негиздөөчү катары «КУРАНДЫ ДЕВЕЛОПИНГ» жана Ян Вэйхун жоопкерчилиги чектелген коомдору эсептелет. ЖЧК негизинен кымбат баалуу металлдарды өндүрүү менен алектенет. Компания 2017-жылдын 13-июлунда кайра каттоодон өткөн.

М.Жээналиев буга чейин «Кыргызалтын» ААКтын тышкы экономикалык байланыш жана инвестициялар боюнча вице-президенти болуп иштеген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×