Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 08.10.2018 23:50

Жалал-Абад ОИИБ милициянын ардагерлерине камкордук көрүүдө (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы милиция кызматында иштеп кеткен ардагерлерден кабар алып, аларга камкордук көрсөтүүдө. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.

ОИИБдин өкүлдөрү элге ак кызмат өтөгөн ардактуу эс алуудагы 65 жаштан жогорку ардагерлерден кабар алышып, аларга бакубат жашоо каалашып, 2 миң сомдон акчалай колдоо көрсөтүштү. Алардын эң улуусу — Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, апааттуу майдандан келип, милиция кызматына өмүрүн арнаган Гаваз Миңгараев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×